Ош аэропорту кайрадан жаңыча курулуп, кеңейтилет

Оштун аэропорту жаңы имараттарды куруу жана учуу тилкесин кеңейтип, узартуу үчүн 7 гектар жер алат. Тиешелүү мыйзам долбоору 11-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору парламентте 10-октябрда каралган. Талкуунун жүрүшүндө Унаа жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов жүктөмдөр көбөйүп жаткандыктан Ош шаарындагы аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеңейтүү талап кылынаарын билдирген.

«Аэробекеттин учурдагы имараты, андагы учактарды токтотуу жайы жана учуу тилкеси эл аралык аэропорттун талаптарына жооп бербейт. Тилке оор жана көп оорундуу учактарды кабыл ала албайт, мындан улам учуулардын саны азайып жатат. Аны менен катар жүк терминалы сыяктуу инфраструктура объектилери жок», – деп жазат «Тазабек» экономикалык агенттиги Дыйкановдун сөзүн.

Объектиде жаңы аэробекет менен жүк терминалын куруу, учуучу тилкени узартып, учактар токтой турган жаңы жайл даярдоо пландалып жатат. Буга байланыштуу министрлик коңшу турган Нариман айыл өкмөтүнөн 7 гектар аянтты аэропортко берүү чечимин жактырууну сунуштаган.

Мындан сырткары мекеме аталган сугат жер тилкесин башка категорияга - аэропорт, мектеп жана башка инфраструктура объектилерин куруу категориясына - өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Бул норманы жактыруу - аталган 7 гектар жердин статусун өзгөртүүгө жана анда курулуш иштеринин башталышына уруксат берет.

Тиешелүү жоболору менен мыйзам долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. 11-октябрда болсо аны депутаттар биринчи окууда колдоп беришти. Документ эми дагы эки окуудан өтүшү керек, андан кийин ал кол коюуу үчүн президентке жөнөтүлөт.

Аэропорттун көйгөйлөрү

«Манас» аэропортунун сайтында Ош аэродромунун объектилери 1960-жылдары курулуп, эскирип калгандыгы жазылган. Аэробекет 200дөн ашык жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок жана саатына эки каттамдан көп каттамды тейлей албайт.

Учурда Ош шаарынын аэропортунда 14 учак токтотуучу жай бар. Алардын үчөө гана жүргүнчү ташуучу ири учактарды кабыл ала алат.

Мындан сырткары учуучу тилкенин абалынын начардыгы белгиленет. Буга байланыштуу чет элдик жана жергиликтүү авикомпаниялар Ош аэропортуна «конуп учуудан чочулап жатышат».

Ушул себеп менен түштүк борбордун аэропортунун учуучу тилкеси менен аэробекетин оңдоп, жаңы траптарды орнотуп, жарык берүү жана электр менен камсыз кылууну жакшыртуу пландалып жатат.

Учурда Ош аэропорту күн сайын 12 эл аралык жана 42 жергиликтүү каттамдарды аткарат.

Автор: Аскар Акталов

Сүррөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды, автору Эрнист Нурматов