Ош: Бир айдан бери жол тыгынын пайда кылган борбордук көчөнүн качан ачылаары белгисиз

Кара-Суу көчөсү кеңейтүү үчүн ал бир ай мурун жабылган. Ушул жолдон өтүүчү бардык коомдук унаалар Навои көчөсү аркылуу өтүүгө аргасыз. Мындан улам пайда болгон жол тыгынына коомдук унанын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү нааразы болушууда. Учурда жолду кеңейтүү иштери токтотулду, качан улантылаары белгисиз.

Кара-Суу көчөсү Ош шаарындагы борбордук базардын түштүк-чыгыш кире беришинде жайгашкан.

Шаардык жол башкармалыгынын маалыматында, азыркы учурда Кара-Суу көчөсүн кеңейтүү үчүн тендер жарыялоону мэрияга сунуштап жатышат.

Тендердин өтүлүүсү эки жумага созулат. Андыктан жолдун оңдоп-түзөө иштеринин качан улантылаары белгисиз.

«Азыр тендердин документтери даярдалып жатат. Андан кийин биз гезиттерге кулактандырууларды беребиз [...]. Ким жеңүүчү болсо, алар
менен келишим түзүп, алдынала акча берилет. Андан кийин иш башталат»,—деп айтты жол башкармалыктын башчысынын орун басары Сатыбалды Абдылдакунов.

Шаардагы №12 автобус каттамынын атын айткысы келбеген айдоочу, жол тыгынынан улам жол акыны төлөбөй түшүп кеткен жүргүнчүлөр көбөйгөнүн айтты.

«Солярка көп кетип жатат, беш рейске жетүүчү май төрт рейске араң жетет. Кээде жолдор тыгын болуп, бир сааттан ашык туруп калабыз.
Жүргүнчүлөр жумуштарынан кечигип, жол акыны төлөбөй түшүп, калганына жөө басып баруучу болушту», —дейт айдоочу.

Айдоочу Асылбек кээде ишке чыкпай койгонун айтты.

«Кыжырланып, чарчап калабызда,мунун айынан айдоочулардын көпчүлүгү ишке чыкпай калды»,—деп кошумчалады Асылбек.

Ош шаарынын тургуну Миргүл Маатова, жолдун тыгынынан улам жолугушууларына кечигип калган учурлары болоорун айтып берди.

«Мен үйгө мисалы Ош райондон Фрунзе районуна барыш үчүн маршуруткага олтурганда базардан өтөт. Жарым саат турушум мүмкүн. 10 мүнөттүк жол жарым саат бир саатка айланып кетет»,—деди Маатова.

Жолду кеңейтүү үчүн Кара-Суу көчөсү 24-августта жабылган. Мэриянын планы боюнча, ал Алишер Навои көчөсүнүн кесилишине чейин 950 метрге
узартылат.

Ош шаардык мэриясынын архитектура башкармалыгы, жолду узартуу иштерине 100 миллион сомдой каражат кетээрин маалымдаган.

Автор: Аксаамай Орозбекова