Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында биринчи жолу балдар бакчасы иштей баштады. Бакча 15-октябрда иштей баштайт.
Төлөйкөн айылында ушул убакка чейин балдар бакчасы жок болчу. Ата-энелер балдарын Ош шаарындагы балдар бакчаларына алып барышат же мектепке чейинки тарбияны үйдө беришет эле.
Айыл тургуну Мария Аматованын айтуусунда, бала бакча жоктугуна байланыштуу кээ бир балдар мектепке барганда сабактарды өздөштүрүүдө кыйналышат.
«Бул ата-энелерге дагы балдарын тарбиялоодо кыйла көмөк болот. Шаардагы бала бакчаларына балдарын алып баруу жана алып келүү алардын көп убактын алат эле», —деди Мария Аматова.
Айылдын дагы бир жашоочусу Майсалбек Салиевдин айтымында, ата-энелер бакчанын ачылышын чыдамсыздык менен күтүштү.
«Өзүбүздүн айылдын балдары дагы бакча эртерээк бүтүп калсын деп, эмеректерди жайгаштырууда,айнектерди койгондо жана башка иштерде жардам бердик. Айрымдар усталарга тамак-аш даярдап да жардам беришти», —деди Майсалбек.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул балдар бакчасы Ош шаарынын октябрьда белгиленүүчү шаар күнүнө карата ачылышы пландалып, жаз айында курулушу башталган болчу.
Бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 28 миллион сом каражат кеткендин Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Кутман Камчиев билдирди.
Жаңы курулган балдар бакчасы 90 орундуу. Ош шаарынын күнүнө карата дагы бир балдар бакчасы шаарга караштуу Жапалак айылында да ачылды.
Cүрөт бакчаны куруу учурунда тартылган