Ошто митинг катышуучуларынын 15и ачкачылык жарыялады [16:56да жаңыланды]

 

 

Оштун борбордук аянтында «Ата-Журттун» лидерлерин кое берүүнү талап кылып жаткан митингчилер тарап кетишти. Kloop.kgнин кабарчылары билдиришкендей, аянтта ачкачылык жарыялаган митингчилер гана калды.

16:56 Kloop.kgнин кабарчылары билдиришкендей, аянтта ачкачылык жарыялаган 15 киши калды.

16:49 Шабданова кайрадан мэриянын имаратына кирип кетти – ал борбордук аянтка боз үй тигүүгө уруксат берүүнү кайрадан өтүнөт.

16:44 Тез жардам унаасы менен алып кетишкен митинг катышуучусу аянтка таңылган колу менен кайтып келди.

16:17 Партиянын Оштогу штабынын координатору Дария Шабданова мэрия имаратынан чыкты. Ал шаар мэри Мелис Мырзакматов аянтка боз үй тикпөөнү өтүнгөндүгүн айтты.

«Бул мамлекеттик администрация, аянтта үйлөнүү үлпөттөр өтөт», – деди Мырзакматов.

Мэрия боз үйлөрдү шаар четине тигүүгө гана уруксат берди.

16:08 Kloop.kgнин кабарчылары учурда мэриянын имаратынын алдындагы аянтта 50дөй киши жүргөндүгүн билдиришти.

15:52 Милиция кызматкерлери колун «чыгарып» салды делген митинг катышуучусу Максатгүл Одонованы тез жардам унаасы менен алып кетишти.

15:49 Ачкачылык жарыялаган Асылкан Абышева “Клоопко” берген маегинде кызын Нурик деген милиция кызматкери участокко алып кеткендигин айтты.

Айтымында, ал милиция кызматкеринин аты-жөнүн жана кызын кайсыл участокко алып кеткендигин так билбейт.

15:23 Аянтта калган митингчилер бир жерге топтолуп жатышат.

15:01 Аянтта 25тей гана киши калды.

14:56 Митингтин катышуучуларынын бири Асылкан Абышева 15 аял ачкачылык жарыялагандыгын билдирди.

Ачкачылык жарыялагандардын бири оозун скотч менен жаап алды.

14:45 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков эки милиция кызматкери «жеңил» жарат алгандыгын журналисттерге билдирди.

Митингчилер тарай баштады.

14:39 «Ата-Журттун» Ош шаардык штабынын координатору мэриянын имаратына кирип кетти.

14:28 Митингчилердин айтымдарында, милиция кызматкерлери боз үйлөрдү тартып алып жатканда бир аялдын колу чыгып кеткен.

Митингтин уюштуруучулары акция катышуучуларын тарап кетүүгө чакырып жатышат.

14:19 Kloop.kgнин кабарчысы мэрия имаратына 50дөй атайын багыттагы аскер кызматкери кирип кеткендигин билдирди.

14:09 Борбордук аянтка дагы 200дөй милиция кызматкер келди, деп билдирди Kloop.kgнин аймактагы кабарчысы.

14:04 Митингтин катышуучулары боз үй тиге башташкан, бирок милиция тыюу салып, боз үйдү тартып алды.

13:55 Партиянын Ош шаардык штабынын координатору Дария Шабданова менен митингтин катышуучулары президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Сооронбай Жээнбековдун чыгып, алар менен жолугушуусун талар кылып жатат.

13:15 Митингде сөз сүйлөп жаткан аксакал Оштогу митингдер жума күнгө чейин улана тургандыгын айтты. Эгер Ташиевди ага чейин кое беришпесе нааразы болгондор Бишкекке барып Ак үйдү басып алышат, деди ал.

13:05 Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, митингтин катышуучуларынын саны миңге жетти.

12:41 «Биз Ак үйдүн алдында болгонбуз, президент менен жолугушалы десек мүмкүнчүлүк беришкен жок. Эмнеге мурунку бийликке каршы чыккан оппозиционерлерди камашкан эмес? Ташиевди болсо камап коюшту» — деди Өзгөндөн келген партия тарапташы митингчилердин алдында сөз сүйлөп жатып.

12:35 Ош шаарындагы партия тарапташтарынын митингинде микрофон иштебей калды — алар шаар бийлигин электр энергиясын «атайылап» өчүрүп салды деп күнөөлөп жатышат.

12:28 Митингкте алгачкылардан болуп «Ата-Журттун» Ош шаардык штабынын координатору Дария Шабданова партия лидерин колдоп сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө «Ата-Журттун» ар бир тарапташын Ташиевди колдоп сөз сүйлөөгө чакырды.

12:15 Митингке катышкандардын саны 300гө жетип калды, деп билдирет Kloop.kgнин аймактагы кабарчысы. Айтымында, Ош шаарынын борбордук аянтында элге «Майдан» гезитин таркатып жатышат. Басылманын ал санында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевди колдогон макалалар басылып чыккан.

11:25 Митингдин катышуучуларынын лидерлеринин бири Абдыла Кутпидиновдун айтымында, нааразычылык өнөктүгүнө катышуу үчүн кишилер Чоң-Алайдан, Өзгөндөн жана Базар-Коргондон келишкен.

Ал азыр Жалал-Абаддагы тарапташтарын күтүп жаткандыктарын кошумчалады.

11:19 «Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги 4-октябрда, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кармалгандан кийин башталган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

5-майда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Сүрөттө 3-октябрда «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин катышуучулары

Автор: Александра Ли