Алтын кендерин иштетүүгө лицензия сатуу аукционун үзгүлтүккө учураткандардын иши боюнча алгачкы күбөлөр суракка алынды

Милиция 10-октябрда алтын кендерин иштетүүгө лицензияларды сатуу боюнча 28-августта өтүшү керек болгон аукционду үзгүлтүккө учуратуу иши боюнча алгачкы күбөлөрдү суракка алды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде 12 алтын кенин иштетүүгө лицензияларды сатуу аукционун үзгүлтүккө учуратуу иши боюнча үч активист суракка алынгандыгын айтты.

«Алар күбө катары өтүп жатышкан, бошотулушту», — деди Сейитов.

Алар бул иш боюнча көрсөтмө берген алгачкы күбөлөр болгон, деп кошумчалады басма сөз катчы. Сейитов тергөөнүн сыры деп, активисттер кандай көрсөтмө бергендиктерин айткан жок.

Азырынча сурак берген күбөлөрдөн комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.

28-августта 12 кенди иштетүүгө лицензия сатуу боюнча Улуттук телерадиокорпорациясынын имаратында өтүп жаткан аукционду он чакты киши үзгүлтүккө учуратышкан.

Бул окуя боюнча ИИМ тарабынан “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мекеме ал иш боюнча бир адам кармалгандыгын билдирген.

Ал кезде Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысычы болуп турган Касиет Карачолокова Kloop.kgге берген маегинде аукцион белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын айткан.

Автор: Виктория Васильева