Мурунку эмгек мыйзамдарын бузгандыктары үчүн Кыргызстандын жарандарын Абхазиядан Орусияга өткөрбөй коюшту. Алар Абхазияда аэропорттор иштебегендиктен Орусия аркылуу мекенине кайтып келгилери келген.
Үч кыргызстандыктын бири Хуснутдин Рыскулов Kloop.kgге берген маегинде аларды буга чейин миграциялык мыйзамдарды бузгандыктары үчүн абхаз-орус чек арасынан Орусиянын аймагына өткөрбөй койгондуктарын айтты.
«Мен Сочиде иштеп жүргөндө документтерим жок эле иштечүмүн, мени кармап алышкан. Андан үч ай өткөндө миграциялык картамдын мөөнөтү аяктап калды, анан Абхазияга кетип калгам», — дейт Рыскулов.
Рыскулов эки таанышы менен бирге амалсыз абалда калып калгандыктарын билдирди. Айтымында, Орусия аларды чек арасы аркылуу өткөрбөй жатат, Абхазияда болсо аэропорттор иштебейт, а Грузия менен болгон чек ара жабык.
«Аэропорттор да иштебейт, бул жактан кантип кетээрибизди билбей жатабыз. Алгач бир топ эле кыйын болгон, азыр бир аз жакшыраак. Күн сайын жумуш издейбиз, тамактанууга араң [акча] таап атабыз», – дейт кыргызстандык.
Рыскулов августтун башынан бери Абхазияда жүргөндүгүн айтты.
«Мен 9-августтан бери ушул жердемин, мында дагы бир Кыргызстандын жараны бар. Биз эки жылдан бери бул жерден кете албайтабыз, сентябрдан баштап үчүнчү жыл саналып атат», – деди ал.
Акыйкатчынын Оренбург облусундагы коомдук кеңешчиси Урмат Жамгырчиев Kloop.kgге берген маегинде бул окуя жөнүндө Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмүнө билдиргендигин айтты.
«Алар жардам берүүнү убадалашты. Бирок бул процедура узак убакытты талап кылат», – деди Жамгырчиев.
Ал алгач Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Ички иштер министрлигине өкмөттүк билдирүү жибериши керектигин айтты. Андан кийин мекеме орусиялык чек ара кызматына көрсөтмө жөнөтөт, ошондо гана Кыргызстандын жарандары кайтып келет, деп кошумчалады Жамгырчиев.
Автор: Адилет Калдарбаев
Редактор: Александра Ли