Индияда сойкулардан «акча талап кылган» деген шек менен кыргызстандык аял кармалды

12-октябрда «Таймс оф Индия» маалымат сайты индия полициясы сойкулук менен алектенген кыздардан «акча талап кылган» деген шек менен кыргызстандык аялды кармашкандыгы тууралуу макаланы басып чыгарган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган аялдын жарандыгы так аныктала электигин билдирди.

Басылманын макаласында Индиянын Калангута шаарынын полициясы 2012-жылдын июнунан бери сойкулардан «акча талап кылып келген» деп шектелип жаткан кыргызстандык Чолпон Эржанованы кармагандыгы жазылган.

Эржанова «акча талап кылуу» иши боюнча убактылуу бошотулган, бирок кийинчерээк Индия бийлиги анын визасынын мөөнөтү бүтүп калгандыгын аныктап, аны сотко чакырып туруп камакка алган.

Ошол эле айда Калангут полициясы Эржанова менен бирге иштегендердин бардыгын камакка алган. Полициянын маалыматы боюнча, кармалгандар интернет аркылуу кардар таап берип, ал аркылуу сойкулук менен алектенген кыздардан «акча талап кылып келишкен».

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Максатбек Жаманбеков Kloop.kgге берген маегинде Эржанованын жарандыгы так аныктала электигин айтты.

«Кармалган аял болжол менен Кыргызстандын жараны. Бул анын айткандары боюнча, анын жанында эч кандай күбөлөндүрчү документтери болгон эмес», – деди Жаманбеков.

Ал Эржанова алгач паспорттук режимди бузгандыгы үчүн кармалгандыгын кошумчалады. Жаманбеков кыргызстандыктын «акча талап кылгандыгы» боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Индия полициясы комментарий алууга жеткиликсиз болуп жатат.

Автор: Александра Ли