Кыргыз режиссерлорунун пикири боюнча Бишкектин эң кооз имараттары

Бишкек Кыргызстандын борбору. Ал өтө маанилүү кызматты аткарат — ал мамлекеттин визиттик карточкасы. Парктар, имараттар, архитектуралык курулуштар, мунун бардыгы шаардын образын түзөт. Өздөрүнүн шаардагы жакшы көргөн курулуштары тууралуу Кыргызстандын режиссерлору айтып беришти.

Геннадий Базаров, Кыргызстандын эл артисти, эмгек сиңирген искусство ишмери:


"Ала-Тоо» кинотеатры — бул эң алгачкы кинотеатр болгон. Биз ал жерге майрамга баргандай маанайда барчубуз. Жаңы тасма көрүү үчүн жакшы кийимдерибизди, жакшы көргөн костюмдарыбызды кийип баргандыгыбыз эсимде. Фойесинде шампанский сатылчу, оркестр ойноп ырлар ырдалып турчу»

«Эсимде, Салима Бекмуратова [Кыргызстандын эл артисти] романстарды ырдачу. Билесиңерби, 50-жылдары, 60-жылдардын башында бул жерде убакытты өтө жагымдуу өткөрсө болчу. Кечинде кинотеатрдын жанындагы аянтта бий уюштурулчу. Ал жерде жаштар «Риоритти», танго, фокстрот бийлерин, кийинчерээк твист бийлеп башташкан».

Чынгыз Нарынов, документалдуу тасмалардын режиссеру:
«Менин жакшы көргөн имаратым Дзержинский гүлбагынын жанында оорун алган — бул жаа өткөөлү бар эски курулуш. Ичинде жайлуу короо бар, өтө жакшы көрүнөт. Менин пикиримде, биздин шаардагы имараттардын ушундай архитектурасы болушу керек»

«Негизинен мага шаардагы эски имараттар жагат. Ошондой эле мэриянын жанындагы Кыргызстандын эл аралык университетинин имараты, ал дагы шаардын көркүнө көрк кошуп турат деп ойлойм».

Эрнест Абдыжапаров, кино жана телеберүү тармагындагы Кыргызстандын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын 2001-жылдагы лауреаты:
«Борбордук Азиядагы Америка университетинин имараты оригиналдуу түстө - боз жана каралжын. Ал 50-жылдары курулган жана менин ата-энем, туугандарым түшкөн сүрөттөрдүн арткы көрүнүшүнө окшоп кетет. Бул имарат түшүрүлгөн сүрөттөр өтө көп»

«Ал курулуштун жанынан өтсөм же сейилдесем эле кандайдыр бир башкача сезим пайда боло берет, анткени ал имарат мен үчүн өтө жакын жана баалуу. Менин балалык кезим менен ата-энемдин жаш кезин элестетет. Бир кездерде ал жерде депутаттар да отурушчу, бирок бул мага эч нерсе жөнүндө айтпайт. Студенттик кездерде биз анын алдынды сүрөткө түшкөндү жактырчубуз»

«50-60-жылдары Борбордук Азиядагы Америка университетинин, «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараттарынын жанында жана Дзержинкада Кыргызстандын ошол кездеги элитасынын бардыгы сейилдегенди жакшы көрүшчү»

Болот Шамшиев, СССРдин, Кыргызстандын эл артисти:
«Мен үчүн эки мекеме жүрөгүмө жакын жана баалуурак: биринчиси — «Ала-Тоо» кинотеатры, анткени согуш аяктагандан кийин биз ал жерге барганды жакшы көрчүбүз, менин киноматографияга болгон сүйүүм дал ошол жерден башталган»

«Экинчи имарат — Фрунзе темир жол бекети, ал менин кооздугу менен таң калтырган. Мен дубалдарынын ички бөлүгүндөгү тартылган сүрөттөрдү көрүү үчүн атайын барчумун»

«Биринчиден, архитектурасы оригиналдуу, бул сырткы дүйнө менен байланышуунун борбору болчу. 49-жылы маршал Семен Буденный өзү келген, анда ал укмуштуудай окуя болгон. Биздин үй темир жол бекетинен эки квартал алыстыкта жайгашкан, мен Буденныйдын келгендиги жакшы билем — жолдордун баарын тосуп коюшкан, биз анын унаасы менен өтүп баратканын экинчи кабаттан көргөнбүз»

«Темир жол бекети — бул эски Фрунзенин жүрөгү, эгер сен кимдир бирөөнү жолуктургуң келсе бардыгын ошол жерден тапчусуң»

Азамат Арыков, «Аят 2» тасмасынын коюуучу режиссеру жана анда башкы ролду аткарган:

«Мага филармониянын имараты жагат, анткени мен 92-жылы шаарга келгенде анын жанындагы Манастын скульптурасы менен фонтандары эсимде калган. Баары кооз болчу»

«Бул имарат менен менин балалык кезим байланыштуу: мектепте окуп жүргөнүмдө филармониянын жанында көп сейилдечүмүн, а жайында болсо башка балдар менен бирге фонтандагы сууга түшчүмүн. Кийинчерээк ал жерден кыздар менен да жолуга баштадым»

«Мага филармониянын архитектурасы менен дизайны, анын жайгашкан жери жана айланасындагы имараттар жагат»

Асель Жураева, режиссер, «Тазар» жеке кинокомпаниясында иштейт:

«Менин Бишкекте жакшы көргөн имаратым — бул Опера жана балет театры. Ал жакта күнүмдүк иштерден алаксып, эс алсаң болот. Ошондой эле ал менин жумушка шыктандырат»

 

 

 

Автор: Айшоола Айсаева жана Света Зеленская