Аскер кызматына чакырылгандар «атуулдук сезимдерин тарбиялоо» үчүн башка аймактарда кызмат өтөшөт

Коргоо министрлиги өлкөнүн түндүгүнөн аскер кызматына чакырылгандарды Кыргызстандын түштүк облустарына гана, тескерисинче, түштүк облустарынан чакырылгандарды түндүк тарапка гана бөлүштүрө баштады. Бул аскерлерди «атуул» кылып тарбиялоо үчүн жасалып жатат, деп билдиришти министрликтен.

Эми Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан аскер кызматына чакырылгандар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында гана кызмат кыла алышат.

Ошондой эле тескерисинче, түштүк аймактарынан чакырылгандар түндүк облустарда гана кызмат өтөшөт. Коргоо министрлиги мындай эрежени 2012-жылдын жазгы чакырылышынан баштап киргизген.

Бул аскер кызматкерлеринин арасында аймактарга бөлүнүү болбошу үчүн жана алар ата мекен катары жалпы Кыргызстанды эсептеши үчүн жасалып жатат, деди Kloop.kgге берген маегинде Коргоо министрлигинин алдындагы Аскер жана алтернативдүү кызматтарга чакыруу башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Карымбаев.

«Алар [аскер кызматына чакырылгандар] Кыргызстан деген өзүнүн гана облусу эмес — жети облус экендигин сезсин үчүн. [...] Аларда кызыгуу пайда болуп, жаңы облусту көрүп, андагы калктын менталитети менен таанышуусу үчүн. Ошондой эле атуулдук сезимдерин күчөтүү үчүн», — деп түшүндүрдү Карымбаев.

Карымбаев Коргоо министрилиги аскерлердин эң эле аз дегенде 30 пайызы башка улуттун өкүлдөрү болушу керектигине да көз сала тургандыгын айтты.

«Жазгы чакырылышты алсак, чакырылгандардын 70 пайызы кыргыздар, калган 30 пайызын башка улуттагылар түзөт: өзбектер, орустар, уйгурлар, дунгандар, казактар, ал эмес корейлер да бар. [...] Биздин өлкөдө жашап жаткан бардык улуттун өкүлдөрү чакырылып жатат», — деди Карымбаев.

Анын айтымында, кыргыз армиясында улуттар аралык кагылыш эч качан болбойт.

Улуттар аралык мамилелер боюнча серепчи Жолборс Жоробеков аскер кызматкерлери өз үйлөрүнөн алыс кызмат кыла тургандыгын жактырды.

«Армия деген армия да. Жаштар сөзсүз кызмат кылыш керек. Үйүнөн 300 метр алыстыкта болсо ал армия эмес [...] Мейли биздин түштүктүк балдар Балыкчыда[Ысык-Көл облусунда] же Нарында, ал эми чүйлүк жигиттер Баткенде кызмат кылышсын», — деди Жоробеков.

Бирок серепчи түндүк менен түштүктөн чакырылган балдар бирге кызмат кылса жакшы болмок деп эсептейт.

«Алсак, Чүй облусу менен Баткендеги балдар Нарында кызмат кылса. [...] Түштүктүк балдар менен түндүктүн балдары бирге кызмат кылып, бирок ошол эле маалда үйлөрүнөн алыс болсо жакшы болмок», — дейт Жоробеков.

Автор: Зарема Султанбекова


Сүрөт ktrk.kg сайтынан алынды