Чоң-Кемин мектебинин башчысы окуучуларды мугалимдин бакчасынан картөшкө терүүгө «мажбурлоодо», деп жазган аталган мектептин окуучусунун бири социалдык тармактагы баракчасына. Билим берүү министрлиги бул ишти териштирип чыгып, тартипке келтирүүнү убадалады.
Чүй облусунун Чоң-Кемин мектебинин он биринчи классында окуган кыз өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мектеп директору Гүлбайра Оторбаева 11-класстын окуучуларын Улан Сокеев деген мугалимдин бакчасына барып картөшкө терүүгө «мажбурлагандыгын» жазган.
«Бизге экинчи сабак алгебра болчу. Ал сабактан бизге мектеп директору берет. Сабактын аягында ал бизге: Сокеев Улан үйүндө картөшкө казып жатат, ал бакчасына шашып атыптыр. Үчүнчү сабактан кийин 11чи “А” жана 11чи “Б” класстын окуучулары картөшкө терүү үчүн анын үйүнө барасыңар, деген», – деп жазган мектеп окуучусу.
Жогорку класстын кыздары картөшкө чогултууга баргылары келбей, мектепте калабыз деп айтышкан, бирок директор эмне кылсаңар да барасыңар деп жооп берген.
«Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы баары бир барасыңар. Жумушчу кийимиңерди кийип келгиңер келбесе мектеп формасы менен баргыла», – деп жазган мектеп директорунун сөзүн жогорку класстын окуучусу.
Кыздар Сокеевдин бакчасына барып картөшкө терүүнү каалабай коюшкан — анда мугалим чакырып алып, алардын экзамен ала тургандыгын айтып коркуткан.
«Мен силерден тарых сабагы боюнча экзамен алам, сен Молдокматова [он биринчи классынын окуучуларынын бири] ошондо менден көрөсүң!» – деп айтты мугалиминин сөзүн мектеп окуучусу.
Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева Kloop.kgге берген маегинде мекеме бул ишти териштирип чыгып, тартипке келтире тургандыгын айтты. Мен министрликте иштеп баштагандан бери мындай окуя болгон эмес, деп кошумчалады Жукеева.
Өткөн айда интернет баракчаларында Ош облусунун мектептеринин биринин директору окуучусун уруп жаткан видео пайда болгон - аны текшерип чыккандан кийин Билим берүү министри аталган мектеп директорун кызматынан кетирген.
Интернетке «Намба» порталынын Aika Kambarova атуу колдонуучусу «каратист Директор» жана «Мусаев атындагы орто мектептин каратист Директору» деген роликтерди 18-сентябрда жайгаштырган.
Автор: Азат Рузиев
Редактор: Александра Ли