Каза болгон офицердин атасы: Балам өзүн өзү өлтүрмөк эмес

«Өзүнө өзү ок чыгарып» каза болгон офицердин атасы Талантбек Эстебесов уулу өзүн өзү атып өлтүрө алмак эмес деп жатат. Айтымында, ал жерден табылган пистолеттин огу кишинин денесин, калың отургучту жана дубалды тешип кете алмак эмес. Сурамжыланган эксперттер болсо андай болушу мүмкүн деп айтышты.

Каза болгон аскер кызматкеринин атасы Kloop.kgге берген маегинде анын уулу — аскер бөлүгүнүн офицери Айбек Эстебесовдун өлгөн денесин өз иш бөлмөсүндө 18-июлда табышкандыгын айтты.

Штаб жетекчиси Эстебесовдун атасы менен апасын уулу каза болгон күнү аскер бөлүгүнө чакырып, чакыруунун себеби катары "уулуңар мас болгондуктан эшикти ачпай жатат" деп түшүндүргөн – штаб жетекчисинин сөзү боюнча, каза болгон офицер беш бөтөлкө арак ичип алган, дейт атасы.

Ата-энеси кабинетке кирип баласынын өлгөн денесин көрүшкөн. Аскер кызматкеринин атасынын айтымында, уулунун денесинин жанында курал болгон эмес.

«Биз кабинетке кирген учурда пистолетти көргөн эмеспиз, бирок эмнегедир жыйынтыгында пистолет табылган», – деп ишендирет атасы.

Атасынын айтымында, тез жардам кызматын эч ким чакырган эмес, ошондой эле жууркан менен замбил алдын ала даярдалып коюлгансып ошол замат денесин өлүк сактоо жайына алып кетишкен.

«Бул өлтүрүү алдын ала даярдалган сценарий боюнча жасалган, уулум уюшкан кылмыштуулук топтун курмандыгы болду», – дейт офицердин атасы.

Ал Макаров үлгүсүндөгү пистолет андай жараатты баласынын денесине калтыра алмак эмес деп эсептейт.

«Анда Макаров үлгүсүндөгү жөнөкөй гана пистолет бар болчу, ал мындай жараатты пайда кыла алмак эмес, аккан кандан полдо көлчүк пайда болгон. Ок төшүн, андан кийин отурган калың отургучту тешип барып дубалда такалып калган», – дейт Талантбек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде Макаров үлгүсүндөгү пистолет каза болгон офицердикиндей жараттарды калтыра ала тургандыгын айтты.

«Макаров үлгүсүндөгү пистолет адамдын денесин да, отургучту да, дубалды да тешип кете алат, бирок ал отургуч менен дубалдын кандай материалдан жасалгандыгына көз каранды болот», – деди Сейитов.

Аты-жөнүн атагысы келбеген ИИМдин баллистика боюнча адиси да ушундай болушу мүмкүн деп эсептейт.

Авторлор: Айзирек Алмазбекова жана Дарина Манасбекова

Редактор: Александра Ли