Максим Бакиев сот башталганга чейин камактан бошотулду

12-октябрда АКШ бийлигинин өтүнүчү менен Лондондо кармалган Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев соттун биринчи жыйынына - 7-декабрга чейин камактан күрөөгө бошотулду. Америкалыктар аны «баалуу кагаздар менен алдамчылык кылган» деп күнөөлөп жатышат.

Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин мурунку жетекчиси Максим Бакиев Лондондо 12-октябрда кармалган. Би-би-синин орус кызматынын маалыматы боюнча, Максим Бакиевди ал жашап турган Белгравия районунун полиция бөлүмүнө чакырып, ал жерден камакка алышкан.

Белгравиянын полициясынан Максим Бакиев АКШ бийлигинин өтүнүчү менен кармалгандыгын Kloop.kgге билдиришти.

«Максим Бакиев 2003-жылкы өткөрүп берүү тууралуу актынын негизинде түзүлгөн ордер боюнча кармалды. Аны алдамчылык кылуу жана 2010-2012-жылдар аралыгында АКШнын сот акыйкаттыгына тоскоол кылган деп күнөөлөп жатышат», – деп билдирди Белгравия полициясы.

Кармалгандан кийин Максим Бакиев биринчи инстанциядагы сот жыйынына катышты - анда аны соттун кийинки жыйынына - 7-декабрга чейин камактан күрөөгө бошотуу чечими чыгарылды.

АКШда узак мөөнөттөгү камак

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги америкалык укук коргоо органдары Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин козгогондугун ырастады. Ал эки факты боюнча АКШ мыйзамын бузган деп шектелип жатат.

«Бакиев мырза АКШнын федералдык сотунун алдынан өтсүн деп Америка Улуу Британиядан аны өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Анда ал баалуу кагаздар менен алдамчылык кылып, өлкөнүн сот акыйкаттыгына тоскоолдук жасаган деп күнөөлөнүп жатат», – деп жазылган элчиликтин билдирмесинде.

Элчиликтин өкүлдөрү кошумчалашкандай, эгер Максим Бакиев күнөөлүү деп табылса ал АКШда «көп жылдык мөөнөткө» камалышы мүмкүн.

Максим Бакиевдин дарегине карата айтылып жаткан айыптоолордун деталдары азырынча айтылбай эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков учурда Максим Бакиевди Улуу Британиядан АКШга өткөрүп берүү маселеси каралып жаткандыгын Kloop.kgге билдирди.

Кыргызстанга өткөрүп алуу мүмкүн эмес

Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш иштери Кыргызстанда да бар. Буга карабастан аны Улуу Британиядан Кыргызстанга өткөрүп алуу жакынкы арада мүмкүн болбочудай.

«Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда укуктук кызматташуу жөнүндөгү келишим-макулдашуулар жок болгондуктан, мыйзам жолу менен аны Кыргызстанга өткөрүп алуу мүмкүн болбочудай», – деп түшүндүрдү Нуржигит Кадырбеков.

Ал Максим Бакиевдин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы үчүн Кыргызстан «британиялык жана америкалык тарап менен бирге аракет кыла тургандыгын» кошумчалады.

Юрист жана «Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов да Кыргызстан Максим Бакиевди өткөрүп ала албайт деп эсептейт.

«Болбогон кеп. Аны бизге (Кыргызстанга) өткөрүп берүүлөрү үчүн биз өлкөдө соттор акыйкат экендигин жана абакта кыйноолор жок экендигин далилдеп беришибиз керек. А биз аны далилдей албайбыз. Кыйноолор колдонула турган өлкөгө адамды өткөрүп берүүгө тыюу салуу – бул эл аралык укуктун императивдүү нормасы. АКШ биз үчүн ал норманы бузат деп ойлобойм», – деп жазган Токтакунов өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына.

Укук коргоочунун болжолдоосунда, эгер Максим Бакиевге карата Кыргызстанда козголгон кылмыш иштеринин материалдарын АКШ бийлиги сурап, карап чыкса анда ал жерде мурунку президенттин уулунун күнөөсү жок деп табылышы мүмкүн.

«Анткени биздин тергөө стандарттарыбыз, далилдерди чогултуу ыкмаларыбыз АКШда кабыл алынган стандарттарга туура келбейт. Ал жакта жазыксыздык жоромол түшүнүгү декларация эмес, а иштеп жаткан принцип. Биздин күнөөлөр боюнча аны жөн гана актап чыгышат, ал эми алардын [АКШ] койгон күнөөлөрү боюнча кандай болот белгисиз», – деп эсептейт Токтакунов.

Мурунку чиновник жана качып кеткен президенттин уулу

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү баласы.

Атасы өлкө башчысы болуп турганда Максим Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогон.

Ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп күнөөлөнүп жатат.

Максим 7-апрель окуясы боюнча соттук процессте күнөөлүү катары сырттан өтүп жатат.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мурунку президенттин уулу өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурагандан кийин ага Улуу Британиянын аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Автор: Аскар Акталов