Мамлекеттик мүлк министрлигинин мурунку башчылары Бакиевдердин мүлкүн уурдаган деп шектелип жатат

«Кызмат абалынан пайдаланып зыян келтиргендиктери» үчүн мурунку Мамлекеттик мүлк министри менен анын мурунку орун басары №1 тергөө абагына камалды. Иш качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүн уурдоо менен байланыштуу. Кармалгандардын жактоочулары комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жашыл имарат 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин «мыйзамсыз» менчиктештирилген, деп билдирди Кыргызстандын бийлиги.

Башкы прокуратура бул иш боюнча мурунку Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовду кармап, ага карата «кызмат абалын пайдаланып зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мамлекеттик мүлк министринин мурунку орун басары Алмасбек Иманалиев шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 13-октябрда камалган.

Буга чейин бул иш боюнча Бишкек прокуратурасынын кызматкери жана депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков кармалган.

Тергөөнүн маалыматында, ал улутташтырылган «Ата-Журт» партиясынын штабынын имаратын «мыйзамсыз алып, саткан».

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Элдар Мадылбеков мамлекетке 94 миллион сом зыян келтирген.

Учурда эл өкүлүнүн уулу Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Мадылбеков уулуна карата айыптоолор айтылгандан кийин сентябрдын ортосунда коррупцияка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин жетекчилигинен кеткен. Ал Элдар Мадылбековдун эч кандай күнөөсү жок экендигине ишенет.

«Мен шектенүүлөрдүн бардыгы негизсиз экендигине ишенем», – деп жазган парламентарий өзүнүн билдирүүсүндө.

Автор: Зарема Султанбекова