Ысык-Көл: «Ата-Журттун» тарапташтары лидерлерин колдоп эки күндөн бери ачкачылык жарыялоодо

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында демонстранттар партия лидерлерин бошотууну талап кылып эки күндөн бери ачкачылык жарылап жатышат. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын баамында, митингке 50дөн ашык киши катышууда.

Түп районунун акими Меркибек Кыштобаев Kloop.kgге берген маегинде «Ата-Журттун» тарапташтары кечээ эртең менен митингке чыгышкандыктарын жана болжол менен эртең мененки саат 9:30дарда ачкачылык жарыялап баштагандыктарын айтты.

Кыштобаевдин айтымында, учурда 23 киши ачкачылык жарыялап жатат – «ден соолугу боюнча» беш киши ачкачылыкты токтоткон.

Ал кошумчалагандай, митингтин катышуучулары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комититинин тергөө абагында камакта жаткан «Ата-Журттун» лидерлерин бошотууну талап кылып жатышат.

Акция катышуучуларынын жанынан өтүп бара жаткан Разия Дүйшеева Kloop.kgге берген маегинде Талды-Суу жолун бойлой он чакты унаа токтоп тургандыгын айтты. Алардын арасында үч джип үлгүсүндөгү унаа, бир кичиавтобус жана бир нече жеңил унаа бар болгон.

Ошондой эле жолдун жээгинде эки боз үй турат, деп кошумчалады ал.

«Алгач, мен ал жерде той болуп жаткан го деп ойлогом, анткени алар тараптан эч кандай агрессия байкалган жок, бардыгы жөн эле отурушкан. Бирок, жакындап келип кыргыз тилинде жазылган плакаттарды көрдүк – андан Жапаровдун фамилиясын окудум», – деди Дүйшеева.

«Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги 4-октябрда, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кармалгандан кийин башталган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

5-майда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Сүрөттө «Ата-Журттун» лидерлерин колдоп Ош шаарынын борбордук аянтына өткөн митингтин катышуучулары

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли