Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына өтпөй калды

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына керек болгон добуш ала албай калды, деп билдирди судьяларды тандоого байкоо жүргүзүп жаткан «Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов. Ал эми укук коргоочулар «татыксыз» деп эсептеп жаткан Азимбек Бекназаровдун өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Бекназаровго Кыргызстандын Конституциялык палатасынын судьялыгына өтүш үчүн 13 добуш керек болчу — ал болгону 10 добуш алды, деп билдирди Токтакунов Kloop.kgге.

«Өтүү үчүн эң эле аз дегенде 13 добуш керек болчу, бирок ал ала алган жок», — деди Токтакунов.

Бекназаров кулк-мүнөзү боюнча «судьялыкка» туура келбейт — ал башкы прокурор болуп турганда бир катар мыйзамдарды бузган, деп билдиришкен укук коргоочулар.

«Конституциялык соттун судьясынын кулк-мүнөзү менен «революциянын бульдозери», 2005-2010-жылдардагы саясий төңкөрүштөрдүн активдүү катышуучусунун кулк-мүнөзү дал келбейт», — деп эсептешет активисттер.

Алар даттануу арызын Сотторду тандоо кеңешине жиберишкен. Бирок судьяларды тандоодо ал арыздын эске алынган-алынбагандыгын Токтакунов билбейт.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Бекназаровдун телефону өчүрүлүү болуп жатат.

Буга чейин мурунку башкы прокурор Kloop.kgге берген маегинде укук коргоочулардын билдирүүлөрү — бул «алардын өзүлөрүнүн көйгөйү» деп айткан. Саясатчы активисттердин артында «кимдир бирөө» турат деп эсептеп, шекшип жатат, бирок ким турушу мүмкүн экендигин тактап айткан эмес.

Автор: Зарема Султанбекова