Бишкек шаардык кеңешине талапкерлерди каттоо аяктады [+ партиялардын тизмеси]

23 саясий партия Бишкек шаардык кеңешин шайлоого өз талапкерлерин көрсөттү — каттоо 15-октябрда саат 24:00дө аяктады. Азырынча ар бир партиядан канча талапкер көрсөтүлгөндүгү белгисиз.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин көрсөткөн 23 партияны каттоодон өткөрдү.

«Ата Мекен»
«Республика»
«Мекен Ынтымагы»
«Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
«Столица» демократиялык партиясы
«Ата-Журт» атуулдук партиясы
«Акшумкар»
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Жашоого тоскоолдуктарсыз»
«Замандаш-Современник»
«Кыргыз Республикасынын транспортчуларынын партиясы»
«Эгемен Кыргызстан»
«Биримдик жана өнүгүү»
«Союз. Эркиндик. Адилеттүүлүк. Ата-Мекен»
«Ар-Намыс»
«Адилетүү Кыргызстан»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Эркин Эл» кайра жаралуу партиясы
«Кыргызстандын социал-демократтар партиясы»
«Кыргызстандын атуулдары»
«Кайран Эл»
«Кыргызстандын республикалык элдик партиясы»
«Ак-Санат» элдик өзүн өзү башкаруу партиясы
БШКнын сайтында жазылгандай, «Ыйман Нуру» жана «Асман Ала-Тоо» партиялары тиешелүү документтерди толук алып келбегендиктен Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышпайт.

Быйылкы Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин курамын шайлоого саясий партиялар гана катыша алышат, бирок талапкерлерди каттоонун акыркы күнү Борбордук шайлоо комиссиясына мурунку БШК башчысы Акылбек Сариев башында турган «Фрунзе-Бишкек» шайлоочулар тобу кайрылган.

Сариев Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулар топторунун катышуусуна уруксат берген«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга таянган.

Бирок Сариевди талапкер катары каттоодон баш тартышты.

25 шаардык жана 416 айылдык кеңештин курамын шайлоо 25-ноябрда болот.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2008-жылдын октябрында болгон — анда шаардык кеңештин 44 депутаты шайланган. Жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

Автор: Зарема Султанбекова