БШКнын мурунку башчысы Сариевге Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары катталууга уруксат бербей коюшту

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев башында турган «Фрунзе-Бишкек» шайлоочулар тобун Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары катталуусуна уруксат бербей коюшту. Бул чечим учурдагы мыйзамдын негизинде кабыл алынган, бирок Сариевдин тарапташтары да ошол эле документке таянып талапкер катары каттоодон өткүлөрү келген.

«Фрунзе-Бишкек» деген шайлоочулар тобунун өкүлү Эрик Ирискулбеков Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кечээ, 15-октябрда саат 17:00дө баргандыгын билдирди. Бирок күзөттөгүлөр аны комиссия мүчөлөрүнө киргизбей коюп, ал түн ортосуна чейин имараттын кире бериш бөлмөсүндө күткөн.

Ирискулбеков шайлоочулар топторунун Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышуу укуктары бар экендигин Kloop.kgге билдирди. Ал жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү тууралуу айтылган «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 49 беренесине таянып жатат.

Ирискулбековдун айтымында, «Фрунзе-Бишкек» тобу шаардык кеңештеги 45 орунга 80дей талапкерди көрсөткөн.

Топ лидери Акылбек Сариев Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, бирок саат түнкү 12ге чейин топко шайлоого катышуу укугун берген жок. 15-октябрь шайлоого талапкер катары катышкысы келгендердин документтерин кабыл алуунун акыркы күнү болчу.

«Бул атайылап эле убакытты создуктуруу болду», — деди Сариев түн ортосуна чейин топтун документтерин кабыл алуудан баш тарткандыктары тууралуу айтып жатып.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов бул айыптоолорду четке кагып, бардыгы мыйзам боюнча жасалгандыгын айтты. Ал талапкерлердин тизмеси аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө гана берилиши керектигин билдирди. Ал эми шайлоо комиссиясы топтун өкүлүн каттоодон өткөрбөгөндүктөн «Фрунзе-Бишкектин» өкүлү болгон эмес.

Маматов журналисттер менен жолугушуу маалында Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо талапкер катары саясий партиялар гана катыша ала тургандыктарын белгиледи. Ал дагы «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 49 беренесине таянды - Маматовдун версиясында документте шайлоочулар тобунун катышуу укугу жок экендиги айтылды.

Сариевди колдоп жаткан укук коргоочулар Чолпон Жакупова менен Динара Ошурахунова аймактык шайлоо комиссиясын мурунку көз карашынан кайтара алышкан жок.

«Ал эмес Бакиев убагында деле шайлоо комиссиялары арыздарды кабыл алчу, а силер болсо аны да кылгыңар келбей жатат», — деп нааразы болду ал Маматов менен талашып жатып.

Бирок аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн баштапкы пикиринде калды жана Сариев тарапташтары менен бирге түн оогондон кийин имаратты таштап кетти.

Каттоо аяктаганга чейин шаардык кеңешти шайлоого 25 партия катышуу ниетин билдирди, 23ү талапкерлеринин тизмесин өткөрүп беришти. Бирок алардын кээ бири шайлоо өнөктүгүнөн четтетилет. Он күндүн аралыгында аймактык шайлоо комиссиялары бардык документтерди текшерип чыгып, шайлоого катыша турган саясий партиялардын акыркы тизмесин түзүшү керек.

2012-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоору кабыл алынган, ага ылайык, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого саясий партиялар гана катыша алышат.

Автор: Аскар Акталов

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды