Кызыл-Кыяда баланын уурдалышы видеобайкоонун камерасына түшүп калган

Кызыл-Кыянын базарларынын бириндеги видеобайкоочу камера 11 айлык кыздын уурдалгандыгын тартып алган. Жоголуп кеткен кыздын туугандары эки аптадан бери аны таппай жатышат — алар милиция кызды «начар» издеп жатат деп даттанышууда. Укук коргоо органдары болсо күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыктарын билдирүүдө.

Видеону youtube сервисинен көрүү

6-октябрда апасы менен бирге Кызыл-Кыянын базарларынын биринде апасы менен бирге жүргөндө 11 айлык Айбийке Абдилакимованы уурдап кетишкен, деди Kloop.kgге берген маегинде кыздын эжеси Умида Имамидин кызы.

Бейтааныш аял кыздын апасынын жанына келип баланы кармап турайын деп өтүнүп, бир аз тургандан кийин кызды көтөрүп кетип калган. Кыздын ата-энеси ошол эле күнү милиция бөлүмүнө кайрылышкан.

Базардагы видеокөзөмөлдөө камерасында текчеде апасы менен кызы тургандыгы жана апасы текчеден бир нерсе карап жаткандыгы көрүнүп турат.

Видеонун 33-секундасында кыздын апасынын жанына белгисиз бир аял келип, анын колунан Абдилакимованы алат.

Видеонун 1-мүнөтүнүн 14-секундасында кызды алган бейтааныш аял кызды көтөрүп алып кетип бара жаткандыгы көрсөтүлгөн. Апасы болсо ал маалда дагы деле болсо текчеден бир нерсе кароосун улантып жаткан.

Болжол менен алты мүнөттөн кийин, видеонун 2-мүнөтүндө кыздын апасы текчеден четтеп, кызын уурдаган аял кеткен жактын карама-каршы тарабына басат

90 секунддан кийин кыздын апасы кайтып келип, сатуучуга баштык берип, кетип калат.

Видеонун 2-мүнөтүнүн 48-секундасында кыздын апасынын кайра текчеге келгендиги көрүнөт. Ал сатуучуга бир нерсе деп айтып, кызын издеп баштайт.

«Начар издеп жатышат»

Кыздын эжеси милиция жоголгон наристени «начар» издеп жатат, деп даттанды.

«Алар [милиция кызматкерлери] байкем менен жеңем барганда гана иштеп калышат. Бала азыр Бишкекте деген маалымат бар», – дейт Имамидин кызы.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) башчысынын орун басары Нурланбек Бурканов Kloop.kgге берген маегинде милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткандыгын айтты.

«Учурда ШИИБ Баткен ОИИси менен бирге тыгыз иш алып барып жатат. Азырынча изине түшө элекпиз. Иш алып барып жатабыз [...]», – дейт Бурканов.

ШИИБнин башчысынын орун басары андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

«Балдардын укугун коргоо лигасы» аттуу коомдук фонд 2012-жылдын май айында төрт айдын ичинде 40 бала уурдалган деген статистиканы жарыялаган.

Кыргызстандын кылмыш кодексинде бала уурдоо үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Авторлор: Сайкал Курбанбаева жана Бегимай Жумабай кызы

Редактор: Александра Ли