Билим берүү министрлиги Чоң-Кеминдеги мектепте директор окуучуларды картөшкө терүүгө мажбурлаган деген маалыматты четке какты


Чүй облусундагы мектептердин биринин директору окуучуларды картөшкө терүүгө «мажбурлаган» деген маалымат аныкталган жок, деп билдирди Билим берүү министрлиги.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева Kloop.kgге берген маегинде «Фейсбук» социалдык тармагында жазылган маалымат аныкталбагандыгын айтты.

«Ал окуучу аталган мектепте окубайт», – деди Жукеева.

Ал Чүй облусунун Чоң-Кемин районундагы мектепте текшерүү иштери уланып жаткандыгын кошумчалады.

«Эгер мындай фактылар аныкталса балдардын эмгегин колдонгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп билдирди басма сөз катчы.

Он биринчи класстын окуучусу өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мектеп директору Гүлбайра Оторбаева 11-класстын окуучуларын Улан Сокеевдин үйүнө барып картөшкө тергиле деп «кыйнаган».

Мектеп окуучулары мугалимдин бакчасынан картөшкө терүүдөн баш тарткан – анда директор аларды чакырып алып, мен силерден экзамен алам деп коркуткан.

«Мен силерден тарых боюнча экзамен алам. Сен Молдокматова [он биринчи класстын окуучусу] ошондо менден көрөсүң!», – деп жазган окуучу мугалимдин сөзүн.

Өткөн айда эле Билим берүү министрлиги интренетте Ош облусунун мектептеринин биринин окуучусун уруп жаткан директор тартылган видеону көрүп, ал директорду жумушунан алган.

«Намба» порталынын Aika Kambarova аттуу колдонуучусу интернетке «каратист Директор» жана «Мусаев атындагы орто мектептин каратист директору» деген видеону 18-сентябрда жайгаштырган.

Окуя тууралуу кененирээк маалыматты жана видеороликти ушул жерден көрсөңөр болот.

Автор жана редактор: Александра Ли