Хроника: Ак үйдүн алдындагы «Ата-Журттун» тарапташтары тарап башташты [13:24] + фото

Бишкек шаардык соту Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду тергөө абагына 3-декабрга чейин калтыруу чечимин чыгарды. Садыр Жапаров жактоочусунан баш тарткандыктан анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот жыйыны 22-октябрга жылдырылды.


13:24 Kloop.kgнин кабарчылары митингчилер тарап жаткандыктарын кабарлашты.

13:04 «Ата-Журттун» тарапташтары менен бирге келген «Акулак» көмүр тилкесинин мурунку башчысы Нурлан Мотуев «Кумтөрдү» улутташтырууну каалабагандыктан өлкө бюджетде таңкыстык болуп жатат – депутаттын аракеттери акталды, деди.

12:53 Митингтин катышуучулары депутаттардын чыгуусун талап кылып жатышат. «Эгер эркек болсоңор чыккыла, жакшылап сүйлөшөлү», – деп кыйкырып жатышат алар.

12:45 Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев Kloop.kgге берген маегинде ал жактоого алган депутатты 3-декабрга чейин тергөө абагына калтыруу чечимин чыгаргандыгын айтты. Ал бул чечим боюнча даттануу арызын жазуу ниетинде.

12:30 Плакаттарды көтөргөн топ Ак үйдүн имаратынын жанына келди. Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, митингке 70тей киши катышып жатат.

12:24 Садыр Жапаров өз жактоочусунан баш тартты – сот процессти 22-октябрга жылдырды.

12:08 Бакыт Бакетаев: Мен өкмөт менен "Ата-Журттун" тарапташтарын "митингтин каникулга" чакырам. Алардын бардык иштери боюнча жактоочулар менен парламенттик комиссия териштирүү иштерин жайбаракат аткарып алуулары үчүн.

12:02 Митингтин катышуучулары парламенттин имаратын көздөй жөнөштү. Алар эгер "Ата-Журттун" лидерлерин бошотушпаса революция кыла тургандыктарын айтып жатышат.

11:50 Айткулов шаардык сот Ташиевди тергөө абагында 3-декабрга чейин калтыруу чечимин чыгарды деп айтты. «Албетте бул чечим боюнча Жогорку сотко даттанабыз. Даттануу арызын эртең эле беребиз», – деп билдирди Айткулов. Ал соттун мындай чечимин «саясий буйрутма» деп атады. «Калгандарын да тергөө абагында калтыраарына көзүм жетип турат», – деп кошумчалады Айткулов.

11:46 Бакыт Бакетаев: Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында "Ала-Тоо" аянтында болгон окуяны күткөн эмес, ал "митингтик аффект" болгон.

11:44 Бакыт Бекетаев, юридикалык өкүл: Мамлекеттик төңкөрүш олуттуу даярдыкты талап кылат. Эгер ал даярдалса анда дарбазаны ачып берүүгө эки кишини коюп койсо болмок, бирок Ташиевге тосмодон ашып өтүүгө туура келди да.

11:26 Митингкте жүргөн жаш юрист Өмүрбек Рыскелдиев соттун жыйынына журналисттер менен «Ата-Журттун» тарапташтарын кое берип, же митингчилер процесстин жүрүшүнө көз салып турушу үчүн монитор жайгаштырыш керек болчу деди.

11:14 Камакка алынган «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде шаардык соттун имаратына эч кимди кое бербей жаткандыгын айтты.

Ал учурда митингке 150дөй киши катышып жаткандыгын айтты.

Kloop.kgнин кабарчысы билдиргендей, митингтин катышуучулары «Ташиевге эркиндик» жана «Кумтөрдү элге» деп кыйкырып жатышат.

Kloop.kgнин журналисттеринин баамында, митингке 60тан ашык киши катышып жатат. Алардын плакаттарында «Ташиев, Жапаров, Мамытовдор мыйзамсыз камакка алынган» деген жазуулар бар.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

5-октябрда Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду эки айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: "Ата-Журттун" лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөнүп жатат — мындай аракеттер үчүн Кылмыш жана жаза кодексинде 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Авторлор: Александра Ли жана Гүжан Турдубаева

Которгон: Илгиз Чалбараков