Ташиев менен Мамытов тергөө абагында 3-декабрга чейин калтырылды

Бишкек шаардык соту «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду УКМКнын тергөө абагында 3-декабрга чейин калтыруу чечимин чыгарды, Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук жыйын 22-октябрга жылдырылды — депутаттар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп күнөөлөнүп жатышат. Парламентарийлердин жактоочулары чечим боюнча Жогорку сотко даттануу ниетинде.

Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн эки айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин 5-октябрда чыгарган — жактоочулар ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, анын жыйыны бүгүн, 17-октябра өттү.

Бишкек шаардык соту Ташиев менен Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты.

Жапаров жактоочусунан баш тарткандыктан анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот жыйыны 22-октябрга жылдырылды.

Ташиев менен Мамытовдун жактоочулары шаардык соттун чечими боюнча Жогорку сотко даттануу ниетинде.

«Албетте бул чечим боюнча Жогорку сотко даттанабыз. Даттануу арызын эртең эле беребиз», – деп билдирди Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов.

Ал соттун бул чечимин «саясий буйрутма» деп атады.

«Калгандарын да тергөө абагында калтыраарына көзүм жетип турат», – деп кошумчалады Айткулов.

«Ата-Журттун» лидерлеринин 70тей тарапташы сот жыйыны өтүп жатканда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында митинг өткөрүп, андан кийин парламенттин имаратын көздөй жөнөштү.

Алар депутаттарды бошотушпаса революция жасайбыз деп коркутуп жатышат.

Митингтин катышуучулары түштөн кийин тарай башташты.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңдей киши катышкан.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарышкан.

Автор: Зарема Султанбекова