Активисттер депутаттардан ала качуу үчүн жазаны катуулатууну өтүнүп жатышат

Аялзатынын укуктарын коргой турган уюмдар Ак үйдүн алдында акция өткөрүштү — алар кыздын каалоосуна каршы ала качуу үчүн каралаган үч жылга эркинен ажыратуу жазасын жети жылга чейин узарта турган мыйзам долбоорун колдоп берүүнү өтүнүп жатышат. Парламентте добуш берүү 18-октябрда түштөн кийин болот.

«СКью» Бишкек феминисттик демилге, «Диа» коомдук бирикмеси жана «Жарандык демилгелердин борбору» сыяктуу уюмдар Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция өткөрүштү — алар кыз ала качуу үчүн колдонулган жазанын катаалданышы үчүн чыгып жатышат.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, Кыргызстанда күн сайын 32 аялзаты өз каалоосуна каршы турмушка чыгат, алардын алтоосу сексуалдык зомбулукка дуушар болот.

Бул боюнча 700 окуянын бирөөнө кылмыш иши козголот, ал эми айыптоо өкүмү 1500 окуянын бирөөнө карата чыгарылат, деп жазышкан укук коргоочулар «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчаларына.

Активисттер ала качуу үчүн учурда колдонулуп жаткан үч жылга эркинен ажыратуу жазасын жети жылга чейин узартып, Кыргызстандын Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилсин деп жатышат.

Депутаттардын пикири

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина ала качуу үчүн колдонулуп жаткан жазаны күчөтүү демилгесин колдойт.

«Кыз ала качуу — бул сөздүн толук маанисинде адамды уурдоо. Мен түшүнүп атам, ушундай эски салт бар, аны колдонуп жатышат. Бирок салт эки тарап тең макул болгондо гана салт болот да», — деди Карамушкина Kloop.kgге.

«Республика» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров тескерисинче, каалоосуна каршы ала качуу жана сексуалдык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 15 миң айып төлөтүү гана жетиштүү болот деп эсептейт.

«Бул жаза [жети жылга эркинен ажыратуу] өтө эле катаал [...] Биздин менталитетти эска алсак, анда жаштардын көбүнүн нааразычылыгын жаратат [...] Мындай шарт менен биз кылмышкерлерди даярдай турган лагерь түзөбүз», — деп билдирди Бакиров Kloop.kgге берген маегинде.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Ширин Айтматова мыйзам долбоорун колдойт.

«Мен буга [жазаны катаалдатууга] түз эле көз караштамын. Бул туура деп ойлойм. Мыйзам долбоору кабыл алынат деп үмүттөнөм», — дейт Айтматова.

«Ата-Журт» партиясынын курамынан чыгарылган депутат Нарынбек Молдобаев мыйзам долбооруна мамилеси «орто» экендигин билдирди.

«Мен кыздарды ала качууга чындыгында каршымыш. [...] Албетте, жазаны катаалдатса жакшы болмок, анткени зордуктоо үчүн 5-10 жылга эркинен ажыратуу каралган, а ала качууга 5-6 гана жыл берилет. Бул адилетсиз практика. Бирок бул кылымдардан бери келе жаткан салт да, түшүнүп атасыңарбы?», — деди Молдобаев.

Ала качуу үчүн алты жыл

Октябрь айынын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту кыздын каалоосуна каршы ала качып кеткен баланы алты жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Акыйкатчы институтунун маалыматында бул ала качуу иши боюнча «ийгиликке жетишкен» биринчи соттук териштирүү болгон.

Анда сот жообуна тартылган баланын жактоочусу нике кыйылгандан кийин асынып өлгөн кыз менен бала өз каалоолору менен үйлөнүп, жыныстык байланышка барган деп айткан.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Шахида Дүйшеева