Сот жообуна тартылган адамдын «кыйноого алынгандыгы» боюнча иши кайра каралат

Ысык-Көл ИИБсинин кызматкерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөп жаткан камактагы Фархад Касымов сотто прокуратуранын милиция кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан токтомун жокко чыгара алды. Учурда сот жообуна тартылган Касымов №3 тергөө абагында камакта.

10-октябрда Каракол шаардык соту прокуратураны Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБсинин) кызматкерлери «сабаган» деп болжолдонуп жаткан Касымовдун ишин кайра карап чыгууга милдеттендирди.

«Даттануу арызын карап чыгып андагы өтүнүчтү канааттандырдык, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөөчүнүн токтомун жокко чыгардык», – деп билдирди судья Мадамин Азимжанов Kloop.kgге берген маегинде. Ал тергөө кошумча текшерүүлөр менен соттук-медициналык экспертизаны өткөрөт, деп кошумчалады.

Прокуратура комментарий берүүдөн баш тартты.

Жактоочусу сот жообуна тартылган Касымовду камоо чечими боюнча да даттануу ниетинде — ал баңгизатын сатуу максатында мыйзамсыз сактаган деп айыпталып жатат.

«Вентус» укук коргоо уюмунун жетекчиси Камиль Рузиев Kloop.kgге берген маегинде Ысык-Көл облустук ИИБсинин кызматкерлери Касымовду 18-майда кармагандыктарын айтты. Операция милиция кызматкерлерине иштеген «Боха» деген каймана аты бар жалган адам аркылуу иштелип чыккан, дейт укук коргоочу.

«Боха» Касымов эки таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурганда белги коюлган акчаны таштап кеткен.

«Анан милиция кызматкерлери келип Касымов менен Карыбай Илебаевди сабап, кармап кетишкен», – дейт Рузиев.

«Анын дем алуусуна жол бербей башына целлофан баштыгын кийгизип, резина таяк менен урушкан. Анын жыйынтыгында көптөгөн жарааттарды алгандыгы соттук-медициналык экспертиза тарабынан аныкталган», – деп улантты укук коргоочу.

Анын айтымында, пара алуу максатында Касымовду милиция имаратынан «кыйноого алышкан» — андан 40 миң сом талап кылышкан.

Автор: Александра Ли

Автор фото: Камиль Рузиев