Ташиев «кургак» ачкачылык жарыялады

Камакка алынган «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев 17-октябрда кургак ачкачылык жарыялап, суу ичүүдөн да баш тартты. Ал өзүнүн жана «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан эки партиялашынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатат.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде ал жактоого алган депутат ачкачылык акциясын 16-октябрда эле баштагандыгын, бирок соттун чечимин күтүп ал жөнүндө билдирбегендигин айтты. Жактоочунун айтымында, депутаттын абалы «өтө жакшы эмес».

«Менин билишимче, анын кан басымы жогору. Ал ачкачылыкты кечээ баштаган, бирок бүгүн эле анын абалы анча эмес экендиги байкалууда», – деди Айткулов.

Анын айтымында, Ташиев өзүнүн жана аны менен бирге камалган эки кесиптешинин баш коргоо чарасын камакка алуудан башкага өзгөртүүнү талап кылып жатат.

«Мен аягына чейин турам. Өлгөнгө чейин ачкачылык жарыялоого даярмын», – деп кайталады Айткулов эл өкүлүн сөзүн.

Депутат кармалган күндөн тартып бир кишилик камерага жайгаштырылган, деп кошумчалады жактоочу. Ал мындай кармап турууну мыйзамсыз деп атап, аны «кыйноого алуу менен тете» деп эсептейт.

Азырынча Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдордун ачкачылык жарыялоо тууралуу ойлору жок, деп билдиришти парламентарийлердин жактоочулары.

5-октябрда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Александра Ли