Бишкекте эки террористтик топтун мүчөсү кармалып, ок атуучу куралдар алынды [+ видео]

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Чүй облусунун Лебединовка айылынан «террористтик топтун» эки мүчөсүн колго түшүрдү. Операциянын жүрүшүндө автоматтар, пистолеттер, ок-дары жана бычактар алынды. 

http://www.youtube.com/watch?v=8ZfYO3eSERI

http://www.youtube.com/watch?v=OY5Qfz2N_uM

Эки Калашников үлгүсүндөгү автомат, оптикалык мээлегичи бар көзгатар мылтык, карабин, Макаров үлгүсүндөгү пистолет, төрт согуштук бычак, түрдүү калибрдеги алты миң ок — мунун бардыгы атайын кызматтагылар тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө табылган.

Кармалгандарга карата кылмыш иши козголду.

Kloop.kg кармалган адамдардын жактоочулары менен байланыша алган жок.

Буга чейин атайын кызматтагылар «террористтик» топтун беш мүчөсүн колго түшүрүшкөн, УКМКнын маалыматы боюнча, алар Бишкек шаарында укук коргоо органдары менен мамлекеттик мекемелерге каршы террористтик акция өткөрүүнү пландап жатышкан.

Автор: Айшоола Айсаева

Редактор: Зарема Султанбекова