Италияда Максим Бакиевдин шериги Евгений Гуревич кармалды

17-октябрда Римде качып кеткен президенттин уулу Максим Бакиевдин шериги, MGN Capital компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич кармалды, деп билдирет «Азаттык» радиосу анын жактоочусуна шилтеме жасап. Гуревич италиянын эки компаниясынан 2,7 миллиард АКШ долларын «кагып алган» деп күнөөлөнүп жатат.

«Евгений Гуревич Римге учуп келээри менен кармалган. Азыр ал Regina Coeli абагында. Аны Италиянын сот органдары «Фаствэб» компаниясынын ишине байланыштуу арам акчаны адалдаган деп айыптоодо», — деп жазат «Азаттык» радиосу Гуревичтин жактоочусу Астолфо Ди Аматонун сөзүн сайтына.

Максим Бакиевдин шеригине италиялык «Телеком Италия» жана «Фаствеб» компанияларынан 2,7 миллиард долларды «кагып алган» деген айып тагылууда.

Гуревич италиялык мафия менен кызматташкан деп да шектелүүдө - болжолдуу версия боюнча ал мафия аркылуу аталган компаниялардан жогорудагы сумманы алган.

Астолфо Ди Аматонун катчысы жетекчиси учурда жооп бере албастыгын Kloop.kgге билдирди.

«Уолл Стрит Джорнал» гезитинин маалыматына ылайык, АКШнын укук коргоо органдары 12-октябрда кармалган Максим Бакиевдин изине Гуревичтин көрсөтмөсү аркылуу чыккан - Гуревич Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн жакын досу жана кеңешчиси болуп саналат.

АКШ Максим Бакиевди сыр маалыматтардын негизинде мыйзамсыз деп эсептелген каржылык келишимдерди жасаган деп күнөөлөп жатат.

«Уолл Стрит Джорнал» басылмасынын журналисттери Максим Бакиевдин иши Нью-Йорк брокери Тайиб Али Мунирдин соту менен байланыштуу деп эсептешет - ал 15-октябрда АКШнын федералдык сотунда инсайдердик соода кылгандыгын моюнуна алган.

Басылманын версиясы боюнча, Гуревич жашыруун түрдө Максим Бакиев менен брокер Мунирдин ортосундагы сүйлөшүүнү жаздырып алган, бул өз кезегинде АКШнын өткөрүп берүү тууралуу сурамын жиберүүсүнө акыркы түрткү болгон.

Максим Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан бери Улуу Британияда жашап келет.

Кыргызстанда ал мамлекеттик мүлктү, Орусиянын 300 млн АКШ доллар насыясын уурдаган, ошондой эле 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышка тиешеси бар деп күнөөлөнүп жатат.

Максим Бакиев бул айыптоолордун бардыгын саясий мотив менен коюлган айып деп атаган.

7-декабрда Улуу Британиянын соту Бакиевди АКШга өткөрүп берүү боюнча ишти карап баштайт.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды