Милиция тарабынан коркутуулар болуп жаткандыгын билдирген соң дзюдо федерациясынын башчысын кармап кетишти [+ видео]

Дзюдо федерациясынын президенти Азамат Бакасов милиция кызматкерлери тарабынан куугунтукталып жаткандыгын журналисттерге билдирээри менен аны кармап кетишти. Укук коргоочу Абдыкерим Аширов кармоону мыйзамсыз деп эсептейт.

Маалымат жыйынынан кийин Бакасовду жарандык кийимчен үч киши кармап кеткен — алар федерация жетекчисин унаага чейин алып келип, белгисиз багытты көздөй кетишти, деди маалымат жыйынына катышкан Kloop.kgнин кабарчысы.

Журналисттерге белгисиз адамдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) кызматкерлери экендигин айтышкан. Бирок УКМКнын басма сөз кызматы Бакасовду кармоо иши Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы ал кармоо эмес, «алдын алуу маеги» болгондугун Kloop.kgге билдирди. Бирок маектешүүнүн маңызын тактап айткан жок.

«20 мүнөттөн кийин аны бошотушту [...] Ал ыкчам мүнөздөгү суроолорго жооп берди», – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун юристи Абдыкерим Аширов Kloop.kgге берген маегинде Бакасовду жарандык кийимчен укук коргоо органынын кызматкерлери кармап кетишкендиктерин билдирди. Анын айтымында, федерация жетекчисин кармап кетишкен эмес.

Аны суракка алуу үчүн алып кетишти, бирок «мыйзамсыз» жол менен, деди Аширов

«Анын [Бакасовдун] аракетинен мен эч кандай жазыктык же административдик кылмышты көрбөй элем. Алардын минтип кармап кетиши – мыйзамсыз аракет. Алар келип, өзүн тааныштырып, ага укуктары тууралуу айтып берип андан кийин кармаш керек болчу», – деп улантты юрист.

Бакасов журналисттер менен жолугушуу маалында Дзюдо федерациясынын кызматкерлерин интернетте жайгаштырылган Улуттук олимпиада комитетинин «мыйзамсыз» ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрү үчүн милиционерлер аңдып жаткандыгын айткан.

Бакасов аны чейин да ИИМ кызматкерлери кармагандыгын кошумчалады.

«Кармагандан кийин эгер Улуттук олимпиада комитети боюнча ишмердүүлүгүңдү токтотпосоң камайбыз, деп коркутушкан. [...] “Сенин жакшы иниң бар, ага жамандык каалап эмне кыласың?” деген сөздөр да болгон. Мунун менен алар менин иним менен туугандарыма карата башкача чаралар көрүлүп кала тургандыгын билдиргилери келген», – деди Бакасов.

Дзюдо федерациясынын президенти журналисттер менен жолугушуу маалында кайсы мыйзам бузуулар тууралуу сөз болуп жаткандыгын тактап айткан эмес.

Авторлор: Азат Рузиев жана Бермет Момункулова

Редактор: Александра Ли