Ош: «Пара» алып жаткан жеринен райондук соттун төрагасы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «пара» алып жаткан жеринен Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчуб Султанов кармалды. Буга чейин ал Жогорку сотко судьяларды тандоо сынагынын акыркы айлампасына өткөн.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Султановду 17-октябрда 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны пара катары алып жаткан жеринен кармашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, судья жумшагыраак жаза чыгарып берүү үчүн айыпталуучудан «пара талап кылган».

Прокуратура райондук соттун төрагасына карата «пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, мындай аракеттер үчүн 10-15 жылга белгиленген кызматты ээлөө укугунан ажыратылат же мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен ал кызматты ээлөө укугунан үч жылга ажырайт.

УКМКдагылар жактоочунун байланыш дарегин берүүдөн баш тартышты.

Султанов буга чейин Кыргызстандын Сотторду тандоо кеңешинде сынактын акыркы айлампасы болгон үчүнчү туруна өткөн.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли