Ташиев эки күндүк ачкачылык акциясынан кийин ооруканага жаткырылды

18-октябрдан 19-октябрга караган түнү «ден соолугу начарлагандыктан» «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев УКМКнын адистештирилген ооруканасына жаткырылды, деп билдирди партиянын басма сөз катчысы. Депутат өзүнүн жана «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылган» деп камалган эки партиялашынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып 16-октябрда кургак ачкачылык жарыялаган.

Ташиевдин жактоочусу Икрадимин Айткулов ал жактоого алган депутат тамактан, суу ичүүдөн жана кандай гана медициналык жардам болбосун баш тартып жаткандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Убакыт өткөн сайын анын ден соолугу начарлап жатат. Бүгүн аны менен жолуктум — ал тилиң араң кыймылдатып, кыйынчылык менен сүйлөп атат. [...] Кандай гана медициналык жардам болбосун баш тартып жатат, дары да ичпей эле», — деди Айткулов.

Анын маалыматы боюнча, Ташиевдин абалы 18-октябрда, саат 21:00дордо «кескин» начарлаган.

Ташиевдин абалы начарлап, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистештирилген ооруканасына жаткырылды, деп билдирди Kloop.kgге «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов.

Анын айтымында, кечээ Ташиевдин абалын билүү үчүн балдары менен жубайы келип кеткен.

Алар депутаттан кургак ачкачылыктан баш тартуусун өтүнүп, «жалынышты». Бирок туугандарынын көндүрүүгө аракет кылгандыгына карабастан «Ата-Журттун» лидери эпке келген жок, деди Анаркулов

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бошобой аткандыгын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

«Менин билишимче, анын кан басымы жогору. Ал ачкачылыкты кечээ баштаган, бирок бүгүн эле анын абалы анча эмес экендиги байкалууда», – деп айткан 17-октябрда Айткулов.

УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин ооруканга жаткырылгандыгын ырастады.

«Учурда Ташиевдин ден соолугу туруктуу», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин мекеме Ташиевдин ден соолугунда эч кандай деле өзгөрүү болбогондугун кабарлаган.

«Учурда Ташиевдин абалы туруктуу деп бааланып жатат. Ал ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», – деп билдирген басма сөз кызматы 18-октябрда.

Ташиев өзүнүн жана аны менен бирге камалган эки кесиптеши - Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдун баш коргоо чараларын камакка алуудан башкага өзгөртүүнү талап кылып жатат.

5-октябрда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда парламент имаратынын алдынды миңдеген кишинин катышуусундагы митинг өткөргөн — алар «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууну талап кылышкан. Акциянын жүрүшүндө Ташиев баштаган митинг катышуучуларынын бир бөлүгү Ак үйдүн тосмосун ашып өтүшкөн.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова