УКМК ачкачылык жарыялаган Ташиевдин «ден соолугунун начарлагандыгы» тууралуу маалыматты четке какты

Камакка алынган «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин «кургак» ачкачылык жарыялаганына үч күн болду — депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткулов эл өкүлү өзүн «бир топ эле начар» сезип жатат деп айтты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы жактоочунун айткандарын четке какты.

Айткулов Kloop.kgге берген маегинде мурдагы күнү ачкачылык жарыялаган Ташиевдин абалы «кескин начарлап» кеткендигин айтты.

«Анын эски оорулары бар, алар күчөп жатат. Азыр анын көздөрү тунарып, кулагы сайгылашып ооруп атат», – деди жактоочу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы жактоочунун айткан сөздөрүн четке какты. Мекемеден Ташиевдин ден соолугунда эч кандай деле өзгөрүү болбогондугун билдиришти.

«Учурда Ташиевдин абалы туруктуу деп бааланып жатат. Ал ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», – деп билдирди мекеме.

Ташиев 16-октябрда эле ачкачылык акциясын баштаган, бирок соттун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимин күтүп акция тууралуу жарыялаган эмес. Жактоочу анда депутаттын абалын «өтө жакшы эмес» деп баалаган.

Депутат өзүнүн жана аны менен бирге камалган эки кесиптешинин баш коргоо чарасын камакка алуудан башкага өзгөртүүнү талап кылып жатат.

«Мен аягына чейин турам. Өлгөнгө чейин ачкачылык жарыялоого даярмын», – деп кайталады Айткулов эл өкүлүн сөзүн.

5-октябрда Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүп жатышат — мындай аракеттер үчүн Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли