ЖЭБ: Азырынча жылуулук берүү мөөнөтүнүн качан башталаары белгисиз

18-октябрдагы өкмөттүн жыйынында Энергетика министри Автандил Калмамбетов Бишкек жана Ош Жылуулук электрборборлору ноябрда баштала турган жылуулук берүү мөөнөтүнө толук даяр экендигин билдирди.

Калмамбетовдун айтымында, Бишкек жана Ош шаарларынын Жылуулук электрборборлору жылуулук берүү мөөнөтүнө даяр.

Ошондой эле министр быйыл кышында электр энергиясында мүчүлүштүктөр болбой тургандыгын белгиледи.

«Гидроэлектро станциялар да тиешелүү көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгууга даяр. Быйыл кышында электр энергиясына чектөө киргизилбейт, анткени Токтогул суу сактагычында чогулган суунун көлөмү өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кыла алат», — деп айткан министр, бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылган.

Азырынча жылуулук берүү мөөнөтүнүн качан башталаары так белгисиз.

Эгер суткалык орточо температура 3-5 күн бою 8 градустан төмөн болуп кармалып турса жылуулук берилет.

Энергетика тармагы боюнча серепчи Расул Умбеталиев министрдин Жылуулук электрборборлору кышка даяр деген сөзү менен макул эмес — анын айтымында, Бишкек Жылуулук электрборборундагы 24 буу казанынын сегизи гана иштеп жатат.

Буга чейин Энергетика министрлигинин сайтында Бишкек ЖЭБсиндеги көмүр көйгөйү тууралуу жазылган — жылуулук берүү мөөнөтүнө карата 932 миң тонна көмүр даярдалышы керек болчу, бирок 8-октябрга карата болгону 388,2 миң тонна даярдалган.

Анда Энергетика министрлиги көмүр алып келүүдөгү кыйынчылыктарды 2011-жылдагы радиоактивдүү көмүр менен болгон көйгөйдөн улам казак компанияларынын Кыргызстанга көмүр жеткирүүдөн баш тарткандыгы менен түшүндүргөн.

Умбеталиев көмүр жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендерге катышууну каалаган компаниялар көп деп эсептейт. Айтымында, Энергетика министрлиги «Электр станциялары» ААКсы менен биргеликте аларды «жакын жолотпой жатат» — серепчи «коррупциялык схемалар» жөнүндө айтты, бирок кайсыл схемалар экендигин тактап түшүндүргөн жок.

Ошондой эле ал көмүр сатып алууда Энергетика министрлигинде көйгөйлөр бар экендигин айтты — Умбеталиев мекеменин тиешелүү көлөмдөгү отунду сатып алгандыгынан күмөнү бар экендигин билдирди.

«Электр станциялары» ААКсы Бишкек Жылуулук электрборборуна радиоактивдүү көмүрдү Казакстандын Кулан көмүр кенинен 2011-жылдын сентябрында алып келген.

2012-жылдын башында Башкы прокуратура Энергетика министрлигинин мурунку башчыларына карата кылмыш ишин козгогон — алардын бардыгы июлдун аягында акталып чыккан.

Автор: Зарема Султанбекова

Фото: Тимур Райымкулов