Ачкачылык жарыялаган Ташиев тамак иче баштады

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев ачкачылыкты токтотту, деп билдирди анын жактоочусу. Ал Ташиевди УКМКнын тергөө абагынан бошотууну суранып, прокуратурага өтүнүч катын жазды - эл өкүлү тергөө абагына эки кесиптеши менен бирге «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн камалган. Ташиев камакка алынгандан бери 13 килограммга арыктаган.

Ташиев 20-октябрь күнү кечинде тамак иче баштады, деп билдирди анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деди Айкулов.

Бүгүн Ташиевдин жактоочусу депутатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошотууну суранып, прокуратурага өтүнүч катын жиберди.

Жактоочу жактоого алган депутаттын абалын «канааттандыраарлык» деп баалады.

«Бирок алсыз бойдон калууда. Эми ага аз-аздан тамак берип абалын жакшыртууга аракет кылып жатышат», — деди жактоочу.

Ташиев камакка алынгандан бери 13 килограммга арыктады, дейт Айткулов.

Ташиев үч күн кургак ачкачылык жарыялагандан кийин «ден соолугу начарлап» УКМКнын ооруканасына жаткырылган — ал өзүн жана кесиптештери — Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдорду тергөө абагынан бошотууну талап кылууда.

Депутаттар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалаган. «Ата-Журттун» лидерлери күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөнүп жатышат. Мындай аракеттер үчүн Кылмыш жана жаза кодексинде 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөт kenesh.kg сайтынан алынды