Бишкек: Сүйөркулов көчөсү 2013-жылдын жаз айларында оңдолот

Мэрия Бишкектин Сүйөркулов (мурунку Донецкий) көчөсүн 2013-жылдын жаз айларында капиталдык оңдоодон өткөрүүнү убадалап жатат. Бишкектик айдоочулары жолдун “өлгөн” абалына даттанып, анын жакынкы арада оңдолушуна үмүттөнүшүүдө.

Сүйөркулов көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү 2013-жылдын жаз айларына пландалып жатат, деди Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров.

“Ал Карл Маркс көчөсүнөн ары жөө кишилер жүрө турган кичи жолдору жана арыктары менен бирге Набережный көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин кеңейтилет”, — деди kloop.kgге берген маегинде Мияров.

Анын айтымында, оңдоо иштерине даярдыктарды көрүү үчүн керек болгон документтердин бардыгы “даяр”, бюджеттин бекитилишин күтүү гана калды.

“Эгер бюджетти эртерээк бектип беришсе биз май айында баштайбыз деп ойлойм”, — деди башкармалыктын жетекчиси.

“Өлгөн” жол

Такси айдоочусу Алишер Темиров Сүйөркулов көчөсү “өлүп калган” жана ал аркылуу жүрүүгө мүмкүн эмес, деди.

“Жолду толук оңдобой эле чуңкурларды эле жамап коюшат. Андан эмне пайда? Бир жолу жаан жаагандан кийин эле суу жеп кетет. Толук оңдош керек да. Бул жол аркылуу жүрүүгө мүмкүн болбой калды”, — дейт айдоочу.

Аты-жөнүн билдирбеген башка такси айдоочусу жол “үрөй учура турган абалда” деди. Ал жолдун эмки жылы оңдоолушунан күмөн санап жаткандыгын билдирди.

Айдоочу Мелис Турсуниязов эгер Сүйөркулов көчөсүн жакшылап оңдошсо “шаардыктар бийликке ыраазы болушмак” деди.

“Албетте, бул жол өтө эле талкаланып калган, жүрүүгө өтө эле ыңгайсыз”, — деп нааразы болду Турсуниязов.

Ал жолдун өз убагында оңдолушуна үмүтү бар экендигин кошумчалады.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт fixmystreet.kg сайтынан алынды, анда жолдогу чуңкурлар белгиленген