Камчыбек Ташиев «кургак ачкачылыгын» токтотту

«Ата-Журт» партиясынын камалган лидери Камчыбек Ташиев дары үчүн 19-октябрда «кургак ачкачылыкты» токтотту. Ташиевдин жактоочусу ал жактоого алган депутаттын ден соолугу кескин начарлап кеткендигин билдирди, бирок атайын кызматтагылар бул маалыматты четке кагып жатат.

Юрист Икрамидин Айткулов Ташиев «кургак ачкачылыкты» токтоткондугун Kloop.kgге билдирди. Бирок саясатчы тамак ичүүдөн баш тартып жатат.

«Ага дары ичиш керек болуп атат, а дарыны суюктуксуз ичүүгө болбойт да. Ошондуктан ал кургак ачкачылыкты токтотуп, суу иче баштады», – деп билдирди Айткулов

Жактоочунун айтымында, Ташиев он жылдан бери артериялык кан басымынын айырмачылыгынан кыйналып келет жана ачкачылык саясатчынын саламаттыгын бир топ эле начарлатып жиберген.

«Ачкачылык акциясынан улам мурунку ооруларынын бардыгы күчөп жатат. Анын ашказаны катуу ооруп баштады, ачка болгондуктан болуш керек», – деди юрист.

Ташиевди ден соолугу начарлагандыктан 19-октябрда тергөө абагынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ооруканасына жеткиришкен.

УКМКнын басма сөз кызматы саясатчынын саламаттыгынын начарлагандыгы тууралуу маалыматты четке кагып, саясатчынын ден соолугу туруктуу экендигин билдирди.

Ташиев ооруканага жаткырылганга чейин үч күн тамак менен суудан баш тартып ачкачылык жарыялаган. Саясатчы өзүнүн жана партиялаштары Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдордун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатат.

Үч депутат тең Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. «Ата-Журттун» лидерлери күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөнүп жатышат. Мындай аракеттер үчүн Кылмыш жана жаза кодексинде 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Азат Рузиев