Кожоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму экинчи жолу жылдырылды

Бишкек шаардык соту мурунку аскер прокурору, генерал Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү эки күндөн кийин карайт. Судья сот жоопкерчилигине тартылган адамсыз отурумду алып баруудан баш тартты — шектелип жаткан Кожоналиев учурда ооруканада.

Мурунку аскер прокурорунун жактоочусу Азизбек Турдалиев Kloop.kgге берген маегинде шаардык сот 2012-жылдын октябрь айынын башындагы митинг учурунда бийликти «күч колдонуп» басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан Кожоналиевсиз ишти кароодон баш тарткандыгын билдирди.

«Сотко анын [Кожоналиевдин] баш коргоо чарамды мен жок эле карай бергиле деген арызын бердик, бирок сот калыптанып калган практиканы эске алып анын отурумка катышуусун милдетүү деп тапты», – дейт Турдалиев.

Жактоочу учурда Кожоналиев Илимий институттун кардиологиялык бөлүмүндө жаткандыгын билдирди.

Генералдын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму Кожоналиевдин оорусунан улам экинчи жолу жылдырылып жатат – аны 18-октябрда ооруканага жаткырышкан, деп билдирди Турдалиев. Генералдын жактоочусу Кожоналиевдин баш коргоо чарасын камакка алууга байланышпаган башка чарага өзгөртүүгө жетишүү ниетинде.

Жактоочу эгер сот Кожоналиевди тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарса, ал чечим боюнча Жогорку сотко даттана тургандыгын билдирди.

Кожоналиев 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалган.

Ал «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деп шектелип жатат, Кылмыш кодексинде мындай аракеттер үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарышкан. Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Автор: Александра Ли