Ош: Адилет министрлигинин чиновниги «пара» алгандыгы үчүн кармалды [+ видео]

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Адилет министрлигинин Ош облусундагы кызматкерин 9 миң сом өлчөмүндөгү «пара» алгандыгы үчүн кармады. Кармалган бөлүм башчысы тергөө абагына камалды.

http://www.youtube.com/watch?v=mWryQaTAzq4

Тергөөнүн маалыматы боюнча, бөлүм башчысы жеке ишкерден ага тиешелүү болгон ишкананын ишин токтотуп берүү үчүн 13-октябрда «пара» талап кылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы министрликтин кызматкери юстиция органындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу боюнча өткөрүлгөн пландык иш-чаранын жүрүшүндө кармалгандыгын билдирди.

Башкы прокуратура кармалгандарга карата «пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, мындай аракеттер үчүн 10-15 жылга белгиленген кызматты ээлөө укугунан ажыратылат же мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен ал кызматты ээлөө укугунан үч жылга ажырайт.

УКМКдан кармалгандардын жактоочуларынын байланыш даректерин берүүдөн баш тартышты.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли