Укук коргоочулар Ниязалиеванын Социалдык саясат боюнча комитеттин жетекчиси болушуна каршы

Бир катар укук коргоочу уюмдары депутат Дамира Ниязалиеванын парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетин жетектөөсүнө каршы чыгышты — Ниязалиева фармацевтикалык бизнес менен алектенет, активисттер муну менен ал жеке кызыкчылыктарын көздөшү мүмкүн деп эсептейт. Эл өкүлү өзү комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Социалдык коргоо боюнча "Жарандык демилгелердин коалициясы" жана "Парламентаризм үчүн салык төлөөчүлөрдүн союзу" укук коргоо уюмдары депутаттардан кызыкчылыктардын кагылышын жоюуга чакырды - алардын пикирлеринде, кызыкчылардын кагылышы Ниязалиеванын Социалдык саясат боюнча комитетти жетектегендигинен улам пайда болуп жатат.

Депутат менен анын үй-бүлөсү фармацевтикалык бизнес менен алектенет - укук коргоочулардын пикиринде, бул кызмат абалынан пайдаланып зыян келтирүү менен коррупциянын болуу коркунучун туудурат.

«Демек, депутат өзүнүн бизнестеги кызыкчылыгы бар аткаруу бийлигинин секторун көзөмөлдөө укуктарын алып калат турбайбы. Мындай кызыкчылыктардын көрүнүп турган кагылышы жоюлушу керек», — деп жазган укук коргоочулар пресс-релизинде.

Ниязалиеванын жардамчысы анын жетекчисинен комментарийди 25-октябрда гана алса боло тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Инсулин чатагы

КСДП фракциясынын депутаты эки жылдан бери социалдык саясат боюнча парламенттик комиссияны жетектеп келет.

Активисттер Ниязалиеванын компанияларынын бири - «Аманат Фарм» компаниясы тарабынан 2006-жылы Кыргызстанга алынып келинген сапатсыз инсулин ийнелерин да эске салышты — аны «абийирсиз жабдып туруучу компаниялардын» тизмесине киргизишкен.

Бул Ниязалиеванын медицина тармагындагы жетекчилик кызматтарга дайындалуусуна каршы чыккан биринчи учур эмес.

2010-жылы кыргыз ооруканаларынын башкы дарыгерлери Ниязалиеваны саламаттык сактоо министринин орун басары кылып дайындабоо өтүнүчү менен Убактылуу өкмөткө кайрылган.

«Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп турган мезгилде Дамира Ниязалиева өзүнүн профессионалсыздыгы, туура аракетинин жоктугу жана жалпы адамзаттык мадиниятынын деңгээлинин төмөндүгү менен Убактылуу өкмөттүн кадырын кетирип, анын өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттеринин бардыгын сызып таштоодо», — деп жазылган алардын кайрылуусунда.

«Агым» гезитинин версиясы боюнча, Ниязалиева Кыргызстандын эң бай аялдарынын катарына кирет.

Автор: Зарема Султанбекова