Бишкек шаарынын бийлиги майыптарды колдогон акциянын мэрия имаратанын алдында өткөрүлүшүнө каршы

25-октябрда укук коргоочулар Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында коомдук жайларга майыптар жүрө турган «пандустарды» орнотууга каражат чогултуу үчүн акция өткөргөнү жатат. Шаар бийлиги «өндүрүштүк процесс» жүрүп жаткандыктан иш-чараны алардын имаратынын алдында өткөрбөөнү өтүнүүдө. Уюштуруучулар болсо акция өтө турган орунду алмаштырбай тургандыктарын айтып жатышат.

Мэрия өкүлдөрү майып адамдардын укуктарын коргоо тармагынын бир мүчөсүнө телефон чалып, иш-чараны мэриянын имаратынын алдында өткөрбөөнү өтүндү, деп жазылган «Келечек+» укук коргоо уюмунун блогунда.

«Алгач акцияга оңой эле көнүп, андан кийин «тормозду» кармаган чиновниктердин мындан аркы аракеттерине «көз жүгүртөбүз», — деп жазышкан укук коргоочулар.

Алар акцияны мэриянын имаратынын алдында гана өткөрөөрүн, башка орунга алмаштырбай тургандыктарын билдиришти.

«Достор, эмне болсо да келгиле. Мэрия имаратынын алдындагы жолду же имараттын өзүн оңдойбуз десе да, алардын антип да коюулары толук мүмкүн», — деп жазылган алардын блогунда.

Мэриянын аппарат жетекчиси Эрмек Мамыркалиев Kloop.kgге берген маегинде акция шаар бийлигинин «өндүрүштүк процессине» тоскоол кылышы мүмкүн экендигин түшүндүрүп берди.

«Биз майыптарды колдойбуз, буга чейин да колдогонбуз мындан ары да колдой беребиз [...]. Биз акцияны өткөрүүгө жардам беребиз деп, аны башка жерде өткөрүүнү гана сурандык. Анткени учурда мэрия имаратында сессия, делегациялар өтүп атат, бул жерде өндүрүштүк процесс болуп атат, биз аларды токтотуп тура албайбыз да», — деди Мамыркалиев.

Анын айтымында, мэрия укук коргоочуларга акцияны өткөрүү үчүн Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы аянтчаны сунуштаган.

Кайрымдуулук акциясы 25-октябрга белгиленген.

Акциянын «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында жазылгандай, иш-чарага кыргыз эстрадасынын жылдыздары менен «Тумар» жана «Сезим» бий топторунун катышуусу пландалып жатат.

Укук коргоочулар акцияда чогулган каражатты шаар бийлигине өткөрүп берүүнү пландап жатышат - мэрия өз кезегинде ал каражатка Бишкек шаарындагы коомдук жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эркин жүрүүсүнө шарттарды түзүп берүүсү керек.

Укук коргоочулар оңдолуп, «пандустарды» орнотуу керек болгон жайлар катары мамлекеттик мекемелерди, соода борборлорун, ооруканаларды, мектептерди, университеттерди, китепканаларды жана музейлерди эсептешет.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт акциянын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды