Эркиндик гүлбагында бекер вай-фай пайда болду

Эркиндик гүлбагынын Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки аралыгына вай-фай орнотулуп, анда бекер интернет зонасы пайда болду.

Карасаңар, жаштар негизинен ар бир отургучта отурушат — алардын бардыгы жаңы маалыматтарды издеп жатышат, деди долбоорду иштеп чыккан Жылдызкан Турсунбекова Эркиндик гүлбагында жүрүп Kloop.kgге.

«Мен дагы студент болуп жүргөндө бекер интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн издегем», — дейт ал.

Ал иштеп чыккан «Интернет-паркинг» долбоорун депутат Дастан Бекешев менен «Сорос-Кыргызстан» фонду колдоп чыккан.

«Долбоордун негизги максаты - жаштарга, мектеп окуучулары менен студенттерге билим алууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы маалыматтарды алуу үчүн интернет колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат», — деп жазылган Жогорку Кеңештин билдирмесинде.

Бекешев билдиргендей, Эркиндик гүлбагындагы бекер вай-файга бюджеттен эч кандай каражат бөлүнбөйт.

«Биз идеяны “Ала-Тоо” аянтында вай--фай орноткон Өмүркуловдон [Бишкек шаарынын мэринен] уурдаган жокпуз. Бул идея бизде апрелде эле пайда болгон, ошондон бери иштеп чыктык. Буга бюджеттен эч кандай каражат коробойт», — деди Бекешев.

Эркиндик гүлбагында интернет-сабаттуулук боюнча окутууларды өткөрүү пландалып жатат.

Борбордун «Ала-Тоо» аянтында бекер вай-фай 25-сентябрда, шаар күнүнө карата пайда болгон.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Зарема Султанбекова