Кара-Балта: кытай заводу жашоочулардын ден соолуктарынын начарлап жаткандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда

Кара-балталыктар «Джунда» кытай компаниясынын мунай сактоочу жайынын курулушу башталгандан бери тез-тез ооруп баштагандыктарын билдирүүдө. Завод санитардык аймакта жайгашкан үйлөрдү сатып алууну убада кылган, бирок ал жерде дагы деле адамдар жашап жатат. Компания өкүлдөрү шаар жашоочуларынын даттанууларынын бардыгын четке кагып жатат.

«Джунда» кытай компаниясынын басма сөз кызматы Kloop.kgге берген маегинде курулуп жаткан мунай сактоочу жайдын айынан кара-балталыктардын ден соолугу начарлап жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

«Учурда завод иштебей эле, жаңы гана курулуп жаткандыктан адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт. Бул мамлекеттик экологиялык экспертизалар тарабынан аныкталган. Эч кандай экологиялык коркунуч жана адамдын ден соолугу менен айлана-чөйрөгө зыян алып келбейт», — деп билдиришти басма сөз кызматындагылар.

Компаниядан билдиришкендей, учурда санитардык аймакта жайгашкан батирлердин 80 пайызынан ашыгы сатылып алынган. Документтери толук эмес, көйгөйлөрү бар жашоочулар гана калган. Батирлерди сатып алууну кыш башталганга чейин аяктоо пландалып жатат.

Ал эми заводдун курулушун эмки жылы аяктоо пландалып жатат, деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Курулуп жаткан мунай сактоочу жайдын жанында жашаган Кара-Балта шаарынын жашоочусу Чынара Kloop.kgге берген маегинде курулуш иштери башталгандан бери үй-бүлөсү тез-тез ооруп баштагандыгын айтты.

«Биздин балдарыбыз, өзүбүз да ооруп атабыз. Буга чейин дээрлик ооручу деле эмеспиз, акыркы кездери мындан өтө эле жабыр тартып атабыз. Эртең менен чыксаң — туман жана жаман жыт», – деп даттанды Чынара.

Шаар тургуну Аскат Мусаевдин айтымында, мунай сактоочу жай курула турган жерде он чакты үй-бүлө дагы деле жашап жатат.

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Мухабат Токомбаева «Джунда» компаниясынын кызматкерлери экологдор менен бирге жашоочулардын ден соолуктарына зыян боло турган санитардык аймактар менен зоналарды белгилеп чыгышкандыктарын Kloop.kgге билдирди.

Токомбаеванын айтымында, экологдор санитардык зонаны белгилеп чыгышкан — миң чарчы метр завод үчүн жана 500 чарчы метр мунай сактоочу жай үчүн.

Санитардык зона заводдун аймагы үчүн гана белгиленген, – деп кошумчалады эл өкүлү.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли