Кеминдиктер кытай компаниясынын жыбылышын талап кылып жатышат

Кыргызстан менен Кытай жарандарынын ортосундагы мушташтан кийин Чүй облусунун Орловка айылынын 300дөй жашоочусу «Алтынкен» кыргыз-кытай компаниясынын жабылуусун талап кылып митигке чыгышты – мушташ компания трактору айыл жошоочусунун жылкысын сүзүп кеткенден кийин пайда болгон.

Кемин районунун акими Умар Изабаев Kloop.kgге берген маегинде митинг эртең мененки саат 9дарда башталгандыгын айтты. Анын баамында, митингке 300дөй киши чогулган.

Изабаев билдиргендей, демонстранттар трактор жылкыны сүзүп кеткенден кийин пайда болгон мушташтан соң митингке чыгышкан. Мушташтын жыйынтыгында эки киши жабыр тарткан - алардын экөөсүнүн баш сөөгү менен мээси чайкалган.

«Кечээ бул жерде анча чоң эмес мушташ болгон. Ал окуядан кийин РИИБ тиешелүү чаралардын бардыгын көрдү. Учурда кытай тараптан беш киши РИИБде, сурак берип жатышат», – деп билдирди аким.

Ал нааразы болгондор тарап жаткандыктарын жана учурда митингке 150дөй киши катышып жаткандыгын айтты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөтчүсү мушташ кытай трактору жергиликтүү жашоочунун жылкысын сүзүп кеткенден кийин пайда болгондугун Kloop.kgге билдирди.

«Чогулгандар кеч киргенге чейин КЭРдин бардык жарандары, анын ичинде компания өкүлдөрү да өлкө аймагынан чыгып кетсин деген талаптарды койууда», – деди нөөмөтчү.

Учурда Кемин районунун акими, милиция жетекчилиги, Кемин районунун прокурору, айыл башчылары жана «Алтынкендин» жетекчилиги митинг катышуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли