Мэрия: жылуулук берүү мөөнөтү 1-ноябрдан башталат

Бишкектин батирлеринде жылуулук берүү 1-ноябрдан баштап пайда болот, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы. Энергетика жана өнөр жай министрлиги ЖЭБ борборду жылуулук менен камсыз кылууга даяр экендигин жарыялады.

Бишкектин батирлерине жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет, Кыргызстандын башка райондорунда качан берилет белгисиз, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы Kloop.kgге.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов журналисттер менен жолугушуу маалында Жылуулук электрборбору (ЖЭБ) быйылкы жылуулук берүү мөөнөтүнө даяр экендигин жана мэриянын буйругун гана күтүп жаткандыгын билдирди.

Салттуу түрдө жылуулук суткалык орточо температура 3-5 күн бою 8 градустан төмөн болуп кармалып турганда бериле баштайт.

Энергетика тармагы боюнча серепчи Расул Умбеталиев Жылуулук электрборборлору кышка даяр деген маалымат менен макул эмес — анын айтымында, Бишкек Жылуулук электрборборундагы 24 буу казанынын сегизи гана иштеп жатат.

Көмүр жетеби?

Буга чейин Энергетика министрлигинин сайтында Бишкек ЖЭБсиндеги көмүр көйгөйү тууралуу жазылган — жылуулук берүү мөөнөтүнө карата 932 миң тонна көмүр даярдалышы керек болсо, 8-октябрга карата болгону 388,2 миң тонна даярдалган.

Анда Энергетика министрлиги көмүр алып келүүдөгү кыйынчылыктарды 2011-жылдагы радиоактивдүү көмүр менен болгон көйгөйдөн улам казак компанияларынын Кыргызстанга көмүр жеткирүүдөн баш тарткандыгы менен түшүндүргөн.

Умбеталиев көмүр жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендерге катышууну каалаган компаниялар көп эле болгон деп эсептейт. Айтымында, Энергетика министрлиги «Электр станциялары» ААКсы менен биргеликте аларды «жакын жолотпой жатат» — серепчи анда «коррупциялык схемалар» бар экендигин айтты, бирок кайсыл схемалар экендигин тактап түшүндүргөн жок.

Ошондой эле ал көмүр сатып алууда Энергетика министрлигинде көйгөйлөр бар экендигин айтты — Умбеталиев мекеменин тиешелүү көлөмдөгү отунду сатып алгандыгынан күмөнү бар экендигин билдирген.

«Электр станциялары» ААКсы Бишкек Жылуулук электрборборуна радиоактивдүү көмүрдү Казакстандын Кулан көмүр кенинен 2011-жылдын сентябрында алып келген.

Башкы прокуратура 2012-жылдын башында Энергетика министрлигинин мурунку башчыларына карата кылмыш ишин козгогон — алардын бардыгы июлдун аягында акталып чыккан.

Автор: Дарина Манасбекова

Редактор: Александра Ли