Ош: аскер комиссариатындагылар аскердик каттоодон чыгаруу үчүн акча «талап кылган»

Милиция аскердик каттоодон чыгаруу үчүн 3 миң сом «талап кылгандыктары» үчүн Ош шаардык аскер комиссариатынын эки кызматкерин кармады. Комиссариаттагылар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмү аскер комиссариатынын эки кызматкерин колго түшүрдү — алар аскердик каттоодон чыгаруу үчүн шаар тургунунан акча «талап кылгандыктары» үчүн убактылуу кармоочу жайга камалышты.

Ош шаардык милициясына акча талап кылып жаткандыктары тууралуу арызы менен жергиликтүү тургун кайрылган.

Аскер комиссариатынын кызматкерлери Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде акча алып жаткан жеринен кармалышкан — белгиленип коюлган акчаларды шектелип жаткандардын бирөөсүнө таандык болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан табышты, деп жазылган Ички иштер министрлигинин сайтында.

«Бул боюнча буга чейин да кармалышкан, өткөн жылы, анын аркы жылы да кармалышкан», — деп айтышты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Аскер комиссариатынан кызматкерлер «кетип калган» деп, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Коргоо министрлигинин сайтынан алынды