Алтын кендерин иштетүүгө лицензия сатуу боюнча аукционду өткөрүү 2-ноябрга белгиленди

Активисттер 12 алтын жана көмүр кендерин иштетүү үчүн лицензияларды сатуу боюнча аукционду 28-августта үзгүлтүккө учуратышкан. Алар «айлана-чөйрөнүн булгануусунан» чочулап эми боло турган аукциондордун бардыгын үзгүлтүккө учурата тургандыктарын айтышкан. Кийинки аукционду Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 2-ноябрга белгиледи.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентиктен Kloop.kgге билдиришкендей, 12 кенди геологиялык изилдөө жана андагы пайдалуу кендерди казып алуу үчүн лицензияларды сатуу боюнча аукцион 2-ноябрга белгиленген.

Аукцион мурункудай эле коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) имаратында өтөт.

Лицензияларды сатууга каршы чыккан «Кыргыз жаштар кеңеши» кыймылы менен «Асаба» партиясынын активисттери комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

«Асаба» партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов 28-августтагы аукционду үзгүлтүккө учуратуу маалында «башаламандык» кылгандыгы үчүн 8-октябрдан бери Бишкектин №1 тергөө абагында камакта.

Анда он чакты киши КТРКнын имаратына кирип барып, аукциондун алып баруучусунун колунан микрофонду тартып алышкан.

«Асаба» партиясы сентябрда лицензиялардын сатылышына каршы Кара-Балта шаарында митинг өткөргөн.

Анда алар «айлана-чөйрөнүн булгануусунан» чочулап эми боло турган аукциондордун бардыгын үзгүлтүккө учуратууну убада кылышкан.

Август айынын башында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев Өмүрбек Бабановдун өкмөтү аукциондун жүрүшүндө «коррупциялык схемаларды» колдонгону жатат, деп билдирген. Бирок ал кайсы «коррупциялык» схемаларды колдонгону жаткандыгын тактап айткан эмес.

Автор: Зарема Султанбекова