Каза болгон курсанттын апасы уулунун өлүмүнө ИИМ академиясынын жетекчилигин күнөөлөп жатат

Ички иштер министрлигинин академиясынын бешинчи курсунун курсанты Нурлан Ниязбаевдин апасы Гүлжамал Сураналиева академиянын администрациясын «уулумду кыйнап өлтүргөн» деп күнөөлөп жатат. Окуу жайынын тарбия бөлүмүнүн жетекчиси каза болгон курсант терезеден өзү кулап кеткендигин айтууда.

Сураналиева акыйкатчы Турсунбек Акундан уулунун кандай жагдайда каза болгондугун тактап, териштирип берүүнү өтүнгөн.

Ал 8-октябрда эртең менен академиядан ага телефон чалып, уулунун 3-кабаттан кулап кеткенин жана учурда абалы начардыгын билдиришкендигин укук коргоочуга айткан. Ички иштер министрлигинин академиясынын жетекчилиги болсо уулунун 3-кабаттан кулап кеткендигин айткан.

Акыйкатчы Kloop.kgге берген маегинде курсанттын апасы уулунун өлүмүнө ИИМ академиясынын жетекчилигин күнөөлөп жаткандыгын айтты – апасы аларды «кыйноого алган» жана «өлтүргөн» деп айыптоодо.

«Алар [академия жетекчилиги] аны кыйноо жана башка жолдор менен өздөрү өлтүргөн. Күч колдонуп өлтүрүп алышып, үчүнчү кабаттан өзү секирип кеткендей кылып жатышат, деди каза болгон баланын апасы», – дейт акыйкатчы.

Акундун айтымында, курсантты 5-6 саат бою бекитилген кабинетте кармап турушкан – ал кезде ал тирүү болгон. Алгач аны наркологиялык диспансерге, анан жарандык кийимдерди кийгизиш үчүн үйүнө алып барып андан кийин гана төртүнчү шаардык ооруканага алып барышкан. Операциядан кийин ал каза болгон.

Ал Ниязбаевди ооруканага кеч алып баргандыктары үчүн дарыгерлер аны сактай албай калышкан деп эсептейт. Сураналиева академия жетекчилиги каза болгон курсанттын денесин апасына бергиси келбегендигин Акунга айткан.

«Эч кандай дооматым жок деп арыз жазып берсеңиз балаңыздын денесин беребиз деп айтышкан», – деди Акун курсанттын апасынын сөзүн кайталап.

ИИМ академиясынын тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Абдарбек Турдубаев Kloop.kgге берген маегинде курсанттын апасынын айыптоолорунун бардыгын четке кагып, Ниязбаев кокустуктан улам каза болгондугун айтты.

«Нөөмөт учурунда кайтарылган объектиге спирт ичимдиктерин алып чоочун киши кирген, анан алар ичишкен. Ичип алган бала ойгонуп үчүнчү кабаттан бадал тосмолорунун үстүнө кулап кеткен», – дейт Турдубаев.

Биздин кызматкерлер атайын кызматтагылар аркылуу анын мас абалында болгондугун аныкташкан, деп кошумчалады тарбиялоо бөлүмүнүн башчысы.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли