Кожоналиев тергөө абагынан үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деп айыпталып жаткан генерал-майор Кубатбек Кожоналиевди үй камагына чыгарды. Буга чейин ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болчу. Азырынча Башкы прокуратуранын соттун бул чечими боюнча доо арызы менен кайрылаар-кайрылбасы белгисиз.

24-октябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Азизбек Турдалиев Кожоналиевдин ден соолугуна байланыштуу аны үй камагына чыгарды.

«Сот анын сиңирген эмгектерин, ооруларын жана жатып дарыланып аткандыгын эске алып жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, аны үй камагына чыгарууну мүмкүн деп тапты», – деди Турдалиев.

Башкы прокуратура генерал-майордун баш коргоо чарасын үй камагына бошотууга алмаштыруу чечими боюнча соттун жогорку инстанциясына доо арызы менен кайрылаар-кайрылбасы азырынча белгисиз. Көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы бул боюнча чечим 2 күндөн кийин кабыл алынаарын билдирди.

Генерал-майордун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму эки жолу жылдырылган — ага жүрөк оорусу күчөп Илимий институттун кардиологиялык бөлүмүнө жаткырылган Кожоналиевдин ден соолугунун начарлашы себеп болгон.

Кожоналиев 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалган. Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Генерал-майор «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деп шектелүүдө, Кыргызстандын Кылмыш кодексинде мындай аракеттер үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Автор: Гүлдана Адылова

Редактор: Александра Ли