Кызматкер өзүнүн банкынан дээрлик миллион доллар «уурдап алган»

Милиция 800 миң АКШ долларынан ашык каражат «уурдап алган» «Аманбанктын» бөлүмдөрүнүн биринин сактык кассасынын жетекчисин кармады. Акча азырынча табыла элек. Банк тергөө аяктаганга чейин ИИМден анын аталышын билдирбей турууну өтүндү.

Сентябрдын аягында «Аманбанктын» Чүй облусундагы бөлүмүнөн 15 миллион сом, 9 миллион орусия рубли жана 280 миң АКШ доллары жоголгон, деп билдирет Ички иштер министрлигинин сайты.

Аталган суммадагы акча менен бирге бөлүмдүн сактык кассасынын жетекчиси да жоголуп кеткен — ал Бишкекте ижарага алынган батирде жашынып, эч ким менен байланышкан эмес, деп жазылган сайтта.

Шектелип жаткан адам колго түштү, бирок анын жанында акча болгон эмес — милиция жоголуп кеткен 800 миң доллардан ашык каражатты издеп жатат.

«Аманбанктын» 28 жаштагы кызматкери убактылуу камоочу жайга камалды. «Ишенип берилген мүлктү менчиктештири, коротуу» боюнча кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Kloop.kg «Аманбанктын» басма сөз кызматын менен байланышты, алар кабарчылардан ИИМдин сайтындагы акча уурдоо боюнча жазылган баракчаны жаңылап көрүүнү өтүндү.

«Ал жерде «Аманбанк» деген сөз жок, алып салышты — силер кайрадан ИИМдин сайтына кирип тактап көрсөңөр болот. [...] Атнкени этика боюнча ушундай болушу керек, бул деген ишкердик аброй да. [...] Комментарийсиз», — деди басма сөз кызматынын кызматкери.

ИИМдин сайтындагы банктын аталышы «банктарды биринин» деген сөзгө алмаштырылыптыр.

Автор: Зарема Султанбекова