Мурунку министр Сабиров 15 жылга соттолушу мүмкүн

Биринчи май райондук сотунун отурумунда прокурор Асаналы Иманбеков мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Жактоочу болсо чиновниктин күнөөлүү экендигинин бир дагы далили жок деди. Судья 31-октябрда чечим чыгарат.

Сабиров италиялык компанияга бала асырап алууга уруксат бере турган лицензияны берүү үчүн «пара талап кылган» деп шектелип жатат.

Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратуранын күнөөлөрүн жөн гана «божомол» деп атады.

«Коюлуп жаткан күнөөлөрдүн бардыгы кийин көрсөтмөсүнөн баш тарткан Мирзахметовдун [Сабировдун жардамчысы] айткандарына негизделген. Эч кандай далил жок, бардыгы божомол», – деди Айткулов.

3-октябрдагы соттун жыйынында айыпталып жаткан экс-министр Сабировдун мурунку жардамчысы Тахир Мирзахметов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн — эми ал жетекчисинин эч кандай күнөөсү жоктугун айтып жатат.

Башкы прокуратура Сабировго карата кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Мирзаметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда Мирзаметов параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан.

Экс-министрдин жардамчысы өз күнөөсүн моюнуна алып, кичинекей баласы менен жубайы бар экенин айтып соттун өкүмүн жумшартууну суранууда.

Атайын кызматтагылар экс-министр Сабировду 5-июлда кармашкан. Чиновник айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, эч нерсеге күнөөм жок. Эч кимден пара алып же талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйынынын биринен кийин.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли