Көмүр компаниясынын «мыйзамсыз» менчиктештирилишинен улам Кыргызстан дээрлик 23 млн сом жоготкон

Мурунку Мамлекеттик мүлк министри «Шахта Жыргалаң» ишканасынын мамлекеттик акциясынын 70 пайыздан ашыгын «мыйзамсыз» жеке менчикке берип, мамлекетке 22 миллион сом зыян алып келген деп шектелип жатат. Министрликтин мурунку башчысынын жактоочусу комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Октябрдын ортосунда экс-министр Турсун Турдумамбетов менен анын мурунку орун басары Алмасбек Иманалиевдер качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн менчиктештирүүдө «кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан» деп №1 тергөө абагына камалышкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурунку министрдин ишиндеги жаңы «мыйзам бузууларды» таап чыккан — атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, ал «Шахта Жыргалаң» көмүр ишканасынын мамлекеттик акцияларынын топтомун мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берген.

УКМК Эсеп палатасы менен Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматтарына таянып мамлекетке келтирилген зыянды 22,4 миллион сомго баалап жатат.

Kloop.kg экс-министрдин жактоочулары менен байланыша алган жок.

Буга чейин ага Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкек шаарынын Ибраимов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратты мыйзамсыз менчиктештирип алган деген айып тагышкан - аталган имарат 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин улутташтырылган.

Бул имарат боюнча иште Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери, депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков да шектүү катары өтүп жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Эльдар Мадылбеков мамлекетке 94 миллион сом зыян алып келген.
Учурда парламентарийдин уулу Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Депутат уулунун дарегине айтылган айыптоолордон улам сентябрдын ортосунда парламенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин башчылыгынан баш тарткан.

Автор: Зарема Султанбекова