Кыргызстан Казакстандан азык-түлүк алып келүүгө чектөө киргизиши мүмкүн

Казакстан кыргыз товарлары менен азык-түлүгүн алып кирүүгө тыюу салгандыктан Экономика министрлиги ушундай чараларды көрүүгө даяр. Министрлик коңшу өлкө ортодогу кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашууларды сактабай, соода-сатыкка тоскоолдук кылып жатат деп эсептейт.

Министрликтин басма сөз кызматы мекеме Казакстандын мал чарба азыктарын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууга жана алкоголь менен тамеки продуктуларынын алынып келинишине чектөө киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул Казакстан тарабынан эки өлкө ортосундагы соода-сатыкка киргизилген чектөөлөр менен түшүндүрүүлүдө. Коңшу өлкө 2011-жылы Кыргызстанга күйүүчү жана өсүмдүк майларын, кагаз, ошондой эле кээ бир кондитердик азыктардын алынып келинишине тыюу салган.

2012-жылдын 3-октябрында Казакстан кыргыз сүт азыктарынын алынып келинишине тыюу салган. Бул чечимди жокко чыгаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эч майнып чыккан эмес, анткени Казакстан курамына Орусия менен Белоруссия кирген Бажы биримдигинин талаптарына таянып макулдугун бербей койгон.

Биримдиктин ичинде эркин соода кылуу аймагы бар - анда ичте өндүрүлгөн товарларды ташууга эч кандай чектөөлөр жок. Бирок биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн келген товарларга чектөөлөр бар.

Экономика министрлигинен Кыргызстан Бажы биримдигинин талаптарына макул болууга даяр экендигин жана тиешелүү макулдашууларга кол коюлгандыгын билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Орусия менен Белоруссия ал документти бекиткен.

«Өз кезегинде Казакстан менен Бажы биримдигине мүчө болбогон КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода кылуудагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу жөнүндөгү макулдашууларды ратификациялоо негизсиз создуктурулуп жатат. Муну менен Кыргызстандын аталган макулдашууга кошулуусу тосулуп калууда», — деп билгилешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Мекеме буга байланыштуу Казакстандын продукцияларын Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө санкция киргизүүгө даяр.

Казакстан чектөөлөрдү сезбейт

Бирок Казакстандын Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаты Нурлан Жазылбеков «Тазабек» агенттигине берген маегинде Кыргызстан тараптан киргизиле турган чектөөлөр Казакстанга эч таасирин тийгизбейт, деген пикирин билдирген.

«Кыргызстан тарабынан киргизилген чектөөлөр казак өндүрүүчүлөрүнө таасир этпейт. Казакстандын Бажы биримдигине кириши менен товарларды сатуу рыногу кеңейди. Өндүрүүчүлөр эми Орусия менен Белоруссиянын рыногун өздөштүрүп жатат», — деп жазат «Тазабек» агенттиги Жазылбековдун айткандарын.

Буга чейин Казакстандын бийлиги сүт жана мал чарба продуктуларына киргизилген чектөөлөр Орусия менен Белоруссиянын макулдугу менен гана алынаарын билдирген. Расмий Астана Бажы биримдигинин мүчөлөрүнүн арасында бул маселенин чечилиши боюнча демилге көтөргөн.

«Бул маселе Бажы биримдигинин деңгээлинде чечилиши керек, анткени мал чарба азык-түлүгүн алып кирүүгө салынган тыюуну алып таштоо үчүн Бажы биримдигинин бардык мүчөлөрү менен макулдашыш керек, — деп билдирген Казакстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын орун басары Гүлжан Нуртазина «Казах-Зерно» агенттигине.

Автор: Аскар Акталов